super.kg logo

Бишкекте 4 жаран баңги заты менен кармалды

 

Бишкекте 4 килограмм 48 грамм баңги затын алып жүргөн жарандар кармалды. Бул факты боюнча кылмыш иши ачылып, тиешелүү иштер жүрүп жатканын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлады.

"2-декабрга караган түнү Новопокровка айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Сабырбек” аттуу дүкөндүн жанында токтоп турган мамлекеттик номурдагы (05 KG 867 АВА) “Субару Легаси” үлгүсүндөгү автоунаасы текшерүүгө алынган. Унаанын ичинде 1992-жылы туулган Мырзабек уулу Нурбек, 1993-жылы туулган Тумаев Майрамбек Муратбекович, 1994-жылы туулган Ыйманкулов Турар Майрамбекович жана 2000-жылы туулган Жүрсүнов Максатбек Камилович аттуу жарандар болгон.

Автоунааны тинтүүгө алганда ичинен жылтырык баштыкка оролгон 6 даана түйүнчөк, 2 даана желим бөтөлкө табылып, ичинде өзгөчө жыты бар, өңү жашыл түстөгү баңги затына окшош заттар алынган. Алынган заттарды таразага тартканда 4 килограмм 48 грамм салмакты түзгөн.

Аталган окуя 268-берененин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.12.2019. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биягы не болду качан болсо аттарын А.Б Ш.М деп жазат эленер.Атын фамилясын жазып коюпсунарго.Калгандарын неге жазбайсынар оор кылмыш кылгандардыкын дагы жазбайсынарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: