Депутат "Кумтөр" кени иштетилип бүткөндөн кийинки абалды талкуулоо керектигин айтты
Депутат Улан Примов "Кумтөр" кени иштетилип бүткөндөн кийинки абалды талкуулоо керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кумтөр" кенин иштеткен аймакта кен казуудан чыккан топурак-таш ташындылары көчүп, эки жаран белгисиз бойдон калып, табылбай жатат. Кен казуудан чыккан топурак-таш ташындылар экологияга канчалык таасир берет? Интернет булактарында адистер ар кандай кооптуу жагдайларды айтып чыгышууда. "Кумтөрдүн" келечеги кандай болот? Иштетүүдөн чыккан 170 куб метр топурак-таш ташындылары коркунуч жаратпайбы?", - дейт депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

