super.kg logo

ЖЭБ соту: Сапар Исаков: "Айыптоочу тарап эл аралык мыйзамдардын стандарттарын эске алган жок"

 

Бүгүн, 6-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын репликасы орун алып, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Кытай тараптан келген юридикалык документ кайда экенине кызыкты.

"Айыптоочу тарап электр энергиясынын мыйзамына шилтеме жасап, тендер жүргүзүү керек дешти. Алар мыйзамдын жобосу бузулду деп айтып жатышат. Бирок менде башка жагдайлар бар. Качантан бери бизде Башкы прокуратура бардык мыйзамдарга түшүндүрмө берип калды эле?! Мен иштин 55 томунда даярдалган материалдарда үч сөздө үч ката бар экенин көрсөткөн жокмун да. Кытай тараптан келген юридикалык тыянагы бар документ эмнеге эске алынган жок. Аны кайсыл жакка жоготтуңар? Ал юридикалык документ, ал болбосо Кыргыз өлкөсү эч кандай иш-аракеттерди жүргүзө алмак эмес. Эл аралык макулдашууда ички мыйзамдар алардын мыйзамдарынын алдында алсыз болуп калат. Биз ошол эл аралык стандарттарга баш ийишибиз керек", - деди Исаков.

Мындан тышкары, Сапар Исаков мамлекеттик айыптоочулар далилдери жок туруп, айыптоо чечимин айрым депутаттардын айткан негизсиз сөздөрүнө таянып чыгарганын кошумчалады.

"Феликс Кулов, Кожобек Рыспаев мага басым жасап, телефон менен команда берген деп жүйө келтирди. Эгер чын эле ошондой болсо, анда мамлекеттик айыптоочулар сүйлөшүүлөрдүн протоколдорун көтөрүп чыгып, далилдеши керек. Ал эми Каныбек Иманалиев Президенттик аппараттан команда келген деген сөзүн айыптоонун негизине киргизгени туурабы? Президенттик аппараттан Сапар Исаков чыкты деп айткан жок да. Биз өзүбүздүн милдеттерибизди аткарганыбыз үчүн соттойсузбу?", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.12.2019. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атыш керек бул шакалдарды!
06.12.2019. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ууру тойгончо жеп ӨЛГӨНЧӨ карганат болбогулачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: