super.kg logo

ТЕСТ: Китепкөй адамсызбы? Кыргыз адабиятын мыкты билип же билбегениңизди байкап көрүңүз

 

Кыргыз адабиятын өнүктүрүп, сактап, даңазалоо максатында Кыргыз өкмөтү 12-декабрды Улуттук адабият күнү деп жарыялоо чечимин кабыл алган.

Бул күнү кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов туулган. Ал тирүү болгондо быйыл 91 жашка чыкмак. Кыргыз десе Чыңгызды, Чыңгыз десе кыргызды тааныган дүйнө жүзүндө анын чыгармалары 170тен ашык тилге которулуп, дүйнөлүк адабиятта орчундуу орунду ээлейт. Ошондой эле бул күнү кыргыздын алп акыны Алыкул Осмонов айыккыс дарттын кесепетинен жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Кыргыз адабияты тууралуу дагы эмнелерди билесиз? Төмөндөгү тесттен өтүп, билимиңизди сынап көрүңүз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Кыргыз элинин тарыхында басмага жарыяланган алгачкы чыгарма кайсы заманачы акынга таандык болгон жана ал кандай аталат?

Молдо Кылычтын “Зилзала” аттуу чыгармасы 1911-жылы Казань шаарында араб алфавити менен басылып чыккан.

Кийинки суроо


Молдо Кылыч “Зилзала”
Арстанбек Буйлаш уулу “Тар заман”
Калыгул Бай уулу “Акыр заман”

“Бирок сен, апа, жоксуң... Сен боору суук кара жердин койнунда түбөлүк уйкуда жатасың... - деп ... ыйлады. Көзүнүн жашы он талаа болуп, бетин жууду”. Бул монолог кимдин жана кайсы чыгармасында берилет?

Бул монолог Касымалы Баялиновдун “Ажар” повестиндеги Ажардын монологу. Повесть үркүндө ата-энесинен ажырап, өзүнөн бир топ жашка улуу кишиге сатылган Ажар аттуу кыз кабылган оор тагдыр аркылуу кыргыз элинин башына түшкөн апаат баяндалат. Чыгарманын аягында Ажар карышкырларга жем болуп, каза болот.

Кийинки суроо


Чыңгыз Айтматов “Саманчынын жолу”, Толгонайдын монологу
Касымалы Баялинов “Ажар” повести, Ажардын монологу
Өскөн Даникеев “Кыздын сыры”, Жамалдын сөзү

Нарбото, Алим хан, Шерали, Ажыбай датка, Нүзүп, Мусулманкул, Кудаяр, Алымбек датка, Курманжан датка, Абдылдабек, Скобелев, Болот (Исхак)... Жогоруда аты аталган инсандар кайсы жазуучунун тарыхый романынын каармандары?

Жогоруда аты аталган инсандар белгилүү жазуучу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” тарыхый романынын каармандары. Бул роман Кокон хандыгы мезгилиндеги элдин коомдук абалын сүрөттөгөн роман.

Кийинки суроо


Түгөлбай Сыдыкбеков “Көк асаба”
Аалы Токомбаев “Кандуу жылдар”
Төлөгөн Касымбеков “Сынган кылыч”

"Сүйөм сени сүйгөндүгүм сүттөн ак, сени сүйгөн тагдырыма ырахмат". Бул ыр саптары Алыкул Осмоновдун кайсы чыгармасына таандык?

Бул Алыкул Осмоновдун "Ата журтум" деген чыгармасынан үзүндү алынды. "Сүйөм сени, сүйгөндүгүм сүттөн ак, Сени сүйгөн тагдырыма ырахмат. Өлгөндө да сенин таттуу жытыңды, Жаткым келет көкүрөккө кучактап".

Кийинки суроо


"Сулууга"
"Ата журтум"
"Аялга"

Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы “Маңкурт тууралуу баянда” өз энесине жаа аткан маңкурттун өз аты ким?

“Кылым карытар бир күн” романында баяндалган “Маңкурт тууралуу баянда” душмандардын кулчулугуна түшүп, акылынан ажырап, өз энесин тааныбай, жаа менен атып өлтүргөн маңкурттун өз аты Жоламан болгон.

Кийинки суроо


Эдигей
Дөнөнбай
Жоламан

Касымалы Жантөшевге атактуулукту алып келген жана өз учурунда окурмандар башына жазданып жатып окуган чыгармасынын аталышы кандай?

"Каныбек" эки томдуу тарыхый роман. Романда кыргыз элинин орус империясынын алдындагы жашоо-турмушу, социалдык абалы сүрөттөлөт.

Кийинки суроо


"Каныбек" романы
"Эки жаш" повести
"Курманбек" драмасы

Аалы Токомбаевдин аңгемесинин атын толуктаңыз “Күүнүн ...”

Аңгеме “Күүнүн сыры” деп аталат. Аңгемеде 103 жаштагы карыя башынан өткөн муңдуу окуясын жолоочуларга баяндап берет.

Кийинки суроо


баяны
тарыхы
сыры

Төмөндөгү драмалардын кайсынысы Мар Байжиевге таандык?

“Төрт адам” драмасы Мар Байжиевге таандык. Анда курч адеп-ыймандык маселелер козголгон.

Кийинки суроо


“Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”
“Төрт адам”
“Ханышанын көз жашы”

Акылбек карыя менен тентек небереси Жеңишбектин окуясын баяндаган белгилүү “Атанын тагдыры” драмасы кимдин калемине таандык?

“Атанын тагдыры” драмасын Бексултан Жакиев 21 жашында 4 күндө күнү-түнү уктабай жазган.

Кийинки суроо


Бексултан Жакиев
Токтоболот Абдымомунов
Касымалы Жантөшев

"Жайдын түнү… Аба салкын, ай жарык, Көп жүрдүк го бак аралап айланып. Бир мезгилде мындай сунуш киргиздиң: "Болдучу эми, түн ортосу, кайталык…" Ушул ырды азыркы учурда эстрада жылдыздары аткарып жүрүшөт, бул ыр саптары кимдин калеминен жаралган?

Жогорудагы ыр саптары сатирик акын Мидин Алыбаевдин калемине таандык. Ыр "Ай жарык" деп аталат.

Кийинки суроо


Байдылда Сарногоев
Мидин Алыбаев
Райкан Шүкүрбеков

"Муздак дубалдар", "Күн автопортретин тартып бүтө элек", "Жети сөз жана Конфуций" деген өзгөчө стилдеги чыгармалардын автору ким?

Жогорудагы чыгармалар Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевге таандык.

Кийинки суроо


Кубатбек Жусубалиев
Казат Акматов
Асанбек Стамов

“Чоочун киши”, “Астра гүлү”, “Жетимдер” бул чыгармалар кайсы жазуучу айымга таандык?

Жогоруда аты аталган чыгармалар белгилүү жазуучу айым Зуура Сооронбаевага таандык.

Кийинки суроо


Жыпара Исабаева
Зуура Сооронбаева
Бактыгүл Чотурова

Белгилүү жазуучу Казат Акматовдун "Архат" романында кайсы маселеге басым жасалып, ал каармандын аты менен айкалыштырылган?

Казат Акматовдун "Архат" романында адилеттүүлүккө басым жасалган. Романдагы баш каарман Адилет бүткүл өмүрүн дүйнөдөгү адилеттүүлүк үчүн арнайт.

Кийинки суроо


Эркиндик
Адилеттүүлүк
Бакубаттуулук

Окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан “Ант” романы, “Япон кереметинин сыры”, “Ээсине кайткан роза” чыгармалары кимдин калемине таандык?

Аталган чыгармалар бир нече китептердин автору Нуржигит Кадырбековго таандык.

Кийинки суроо


Зайырбек Ажыматов
Карбалас Бакиров
Нуржигит Кадырбеков

"Такыр эле сабаты жок Батма энем өмүр бою Ат-Башыдан алты карыш ары аттабагандыктан, дүйнө Ат-Башыдан башталып, Ат-Башыдан бүтөт деп ойлочу окшобойбу”. Бул үзүндү Шайлообек Дүйшеевдин кайсы чыгармасынан алынды?

Бул үзүндү “Агындылар” чыгармасынан алынды. Бул китепте Шайлообек Дүйшеевдин өмүр таржымалы баяндалат.

Кийинки суроо


“Алтайдын ошол поюзу”
“Кайдыгерлик”
“Агындылар”

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(48)
12.12.2019. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
54 дейт го уят
12.12.2019. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Aituwas,80
12.12.2019. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Aituwas,меники да аз,кыйын билем деп журсом...
12.12.2019. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
74 балл
12.12.2019. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
27 ии бетим уят
12.12.2019. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-23
Чынгыз деген ким ал
12.12.2019. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Wibee,дүйнө жүзүнө белгилүү Чыңгыз Айтматов атабызды тааныбасаңыз анда билбейм, кайсыл планетадан түштүңүз. Ал кишини бүткүл дүйнө жүзү таанып жүргөндө "Чыңгыз деген ким ал" суроосун берип турганыңыз уят эле көрүнүш....

жооп берейин ал АЙТМАТОВ!
12.12.2019. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Кийинки деген баскыч экрандын ортосунда кийи деп эле көрүнүп атат го менде
12.12.2019. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Antalyamanavgat,Менде да ошондой болуп жатат. 80 балл болду.
12.12.2019. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Минустарды адамдар басып атабы же техникалык катабы
12.12.2019. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
60
12.12.2019. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
60 экен. Анча мынчасын унутупмун. Аябай китепкой элем,эх менин жаштыгым.
12.12.2019. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
60 упай.
12.12.2019. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Mektepte okup jurgon kezde, Kanybekti ajbai okudum ele
12.12.2019. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кыргыз адабиятын жакшы билем негизи.Бала кезде китепти колдон Колго откоруп,берип турчу деп суранып окуур элек.Азыркы адабияттарды окубайм деле,супсак,мааниси жок.
12.12.2019. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
80
12.12.2019. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
87 балл дейт, экөөнө туурамес жооп берип калдым, негизи өзүмдү адабиятка жакынмын деп ойлоп жүргөм
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: