super.kg logo

Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу соттук отурум. Жактоочу: "Сапар Исаков "фейк" сотко катышуудан баш тартты"

 

Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук отурум айыпталып жаткан мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун ооруп калгандыгына байланыштуу жылдырылганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кийинки отурум 17-декабрь күнү саат 14:00гө жылдырылды.

Ал эми Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов социалдык тармактагы баракчасына "Судья бүгүн Сапар Исаковду ооруп калгандыктан, соттук отурум жылганын кабарлады. Бирок ал СИЗОдон берилчү ооруп калгандыгы тууралуу маалымат катты көрсөтө алган жок. Мен Исаковду кечээ эле көргөм. Анын ден соолугу жакшы болчу. Исаков болгону "фейк" сотко катышуудан баш тартты", - деп жазды жактоочу Токтакунов.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Тарых музейин оӊдоодо 101 миллион 600 миң сом, ат майданды оӊдоодо 145 миллион 900 миң сом зыян келтирилгени аныкталган. Бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 аткаминерге айып тагылган. Алар:

  1. Премьер-министр Сапар Исаков;
  2. Президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат боюнча мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаева;
  3. Мамлекеттик курулуштун башчысынын мурдагы орун басары Алмазбек Абдыкаров;
  4. Турак жай жарандык курулуш департаментинин мурдагы башчысы Шайбек Атамбеков;
  5. Шайбек Атамбековдун орун басары Улукбек Матисаков;
  6. "СМУ-3" курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айдарбек Мендеев.

Сапар Исаков өз билдирүүсүндө Чолпон-Атадагы ат майданынын курулушун жана Тарых музейин реконструкциялоодо күнөөсү жок экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
10.12.2019. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапааш... Сапаш!..
10.12.2019. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул бийликтин омуру кыска болот же эптеп иштеп жоголсо экен деген маани болот
10.12.2019. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жегендерин кустургула бул жердеда абдан чон коррупция бар, бир жаман жыгач столдорду кырк мин сомдон сатып алышкан дагы бул чекеси эле
10.12.2019. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин ырыскысын кускула
10.12.2019. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кычкачтын иши бутту.
Эми ат жыгач жана ремонт келди. Урааа!
10.12.2019. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элге эрмек та, кыргыз эри зеригип калбасын деп саясатта темаларды жанылап турушат ко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: