super.kg logo

Бишкекте 57 жаштагы аял алдамчылыкка шектелип кармалды

 

Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелип, 57 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-ноябрда Биринчи Май РИИБине шаар тургуну арыз жазган. Арызда шаардагы курулуш компанияларынын биринде иштеген аялга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 2018-жылдын май айында курулуш компаниясында иштеген аял курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн батир алып берүүнү айтып, андан 170 миң сом акчасын алган. Бирок ал убадасын аткарбай качып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө тобу шектүү катары 57 жаштагы М.К. аттуу аялды кармашкан. Учурда териштирүү иштери жүрүп, шектүү башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жогу такталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: