Чек ара кызматы: "Тажик тарап такталбаган жерге алып келген тракторлорун алып кетти. Учурда абал тынч"

Кыргыз-Тажик чек арасында абал тынч. Мындай маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-декабрда Баткен облусунун Миң-Булак айылынын Кара аймагындагы такталбаган жерге Тажик жарандары 6 трактор менен кирип, жерди тегиздей башташкан. Тактап айтканда, алар айыл чарба иштерин жүргүзүп башташкан.
"Кыргыз чек арачылары мындан улам Тажик жарандарына ишти токтотууну талап кылышканда, алар бул сунуштан баш тартышкан. Окуя болгон жерге чек ара кызматынын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылар келип, бул аракетти токтотуу чечимине келишкен. Андан соң тажик тарап 6 тракторду окуя болгон жерден алып кетишкен. Учурда абал тынч", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

бербейт айыл чарба иштерге, балык баштан сасыган бизде!