super.kg logo

Швециялык экоактивист Грета Тунберг "Жыл адамы" болду

 

Швециялык экоактивист Грета Тунберг "Time" журналынын версиясы боюнча "Жыл адамы" деп табылды. Басылма "жаш муундардын иконасы" жана "планетабыздагы негизги көйгөйдү мыкты айтып берүүчү" деп атаган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

"Ал мындай климаттык көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан биринчи адам эмес. Ошондой эле бул жаатта мындай көйгөйлөрдү чече турган адис дагы эмес. Ал окумуштуу, саясатчы, миллиардер ханыша же поп-жылдызы, керек болсо жашы дагы улуу эмес. Ал тек гана жаш муундардын ичинен чындыкты айтууга кудурети жеткен эр жүрөк, жөнөкөй өспүрүм болду", - деп жазылган басылманын маалыматында.

Грета Тунберг 16 жашта гана болгонуна карабай, дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүп келет. Ал ушул жылдын 23-сентябрында өткөн БУУнун Нью-Йорктогу саммитинде дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшү тууралуу сөз сүйлөгөн.

"Time" журналынын "Жыл адамы" наамына Дональд Трамп, Марк Цукерберг, Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Басылма бул наамды 1972-жылдан бери берип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
12.12.2019. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын. Куттуктайм.
13.12.2019. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыйкат деген ушул да эээ. Эмне деген атактуу адамдардын катарынан орун алган. Мындай жонокой адамга башкалар наам бермек тургай баалабай коюшу толук мумкун болчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: