super.kg logo

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү героин менен кармалды

 

ИИМдин ири өлчөмдөгү героин баңги затын сатуу менен алектенгендерди аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча операциясы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришет.

Маалыматка ылайык, 9-декабрь күнү ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде тинтүү жүргүзүү учурунда ак түстөгү, өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Шектүү катары ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоосунда турган Жалал-Абад облусунун тургуну 1986-жылы туулган А.Р. аттуу тургун кармалган. Химикалык экспертизанын корутундусунун негизинде, табылып алынган зат 1 килограмм 870 грамм салмактагы героин баңги заты экендиги аныкталган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, жогорудагы кылмышка тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.12.2019. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде уюшкан кылмыштуу топ жок элего каяктан пайда болду бул
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: