super.kg logo
  Саясат  

Депутат Момбеков Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын мүчөсүнө: "Убакыт келгенде бул комиссиянын үстүнөн иликтеген комиссия болот"

 

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы каралып жатат.

Анда депутат Рыскелди Момбеков комиссиянын жыйынтыгына нааразы болду.

"Мен 2005-жылы революцияга катышкам. Керек болсо башында болгом. 2010-жылы революциянын башында болбосом да арасында болгом. Бирок Кой-Таштагы коогалаңда болгон эмесмин. Менин атымды кошуп койгон экенсиңер. Мен Атамбаевге болушпайм, акыйкатка болушам. Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова милдеттерин аткарбай үнсүз макулдуктарын берди деп айттыңыз. Далилдеп бериңизчи", - деп Момбеков Тынчтык Шайназаровго кайрылды.

Шайназаров: "Адамдардын күнөөсү бар же жоктугуна тергөө баа берет. Бул жерде маалымат каражаттарынан, тергөө органдарынан алынган маалыматтар боюнча комиссиянын корутундусу дайындалган. Бүгүнкү күндө Карамушкина менен Кодуранованын макамы аныкталган. Алар кылмыш ишинде айыпкер катары аныкталган. Үй камагына алынышкан. Тергөө амалдары жүрүп жатат", - дейт.

Момбеков: "Кыргыз мамлекетинин эли эмне болгонун жакшы билет. Эки жолку революцияга катышканымды мойнума алып жатам. Ошол боюнча мени жоопко тартсаңар болот. Бул жерде отурган Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдин убагындагы адамдардын бардыгы комиссия түзүп, мени комиссиянын кортундусуна кошуп коёт деп ойлобоптурмун. Убакыт келет ушул комиссиянын үстүнөн иликтеген комиссия болот. Курсан Асановго орден бериш керек болчу. Ким ишенет ушундай корутундуга? Күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилигин жазып койбопсуңар", - деди.

Шайназаров күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин жоокерчилиги боюнча сунушту өкмөткө бергендерин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: