super.kg logo
  Саясат  

Депутат Талант Мамытов Атамбаев июль айында Орусияга эмненин негизинде барып келгенин сурады

 

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев июль айында Орусияга эмненин негизинде барып келгенин сурады.

"Ушундай абалга жетишин биз каалаган эмеспиз. Буга экс-президент өзү күнөөлүү. Парламентке, президентке, өкмөткө асылып, элди козутуп, тергөөгө келбей койду. 200дөн ашык адамдар, кызматкерлер жарадар болуп, жоокер каза болду. Ушуну болтурбай койгонго парламент аракет жасады. Менин суроом Атамбаев акыркы учурда Орусияга учуп барып келди. Ал эмненин негизинде барып келди? Кандай учак менен барды, ким каржылады? Ошондой эле ал жерде эмне жөнүндө сөз болду? Ал жактан келгенден кийин Кой-Таштын тегерегиндеги мыйзамсыз аракеттер башталды", - дейт Мамытов.

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбеков Атамбаевдин Орусияга барганы боюнча ачык маалымат болгонун айтты. "Ал Орусиядан ким менен жолукканын, эмне деп сүйлөшкөнүн айта албайбыз. Сизге кат түрүндө жооп берели", - деди ал.

Мамытов: "Атамбаев Орусиядан кайтып келбейм дегенде келишиң керек деп бирөө айткан экен. Бул боюнча маалымат барбы?", - деп сурады.

Опумбеков бул тууралуу билүү үчүн иштеп жатышкандарын билдирди.

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: