super.kg logo
  Спорт  

Олимпиада чемпиону Алина Загитова спорттук карьерасын токтотуп жатканын билдирди

 

Олимпиада чемпиону Алина Загитова спорттук карьерасын токтотуп жатканын билдирди. Бул тууралуу өзү журналисттерге маек берип жатып жар салды. Ал бул сезондогу Орусия чемпиондугу, Европа чемпиондугу жана Дүйнө чемпиондугуна катышпай турганын айтты. Анын машыктыруучусу Этери Тутберидзенин айтымында, шакирти мындан бир жарым жыл мурун эле спортто тыныгуу алгысы келип жаткан.

Муз үстүндөгү бийчи мындай чечимине эмне себеп болгонун айтпаса да, жарыштарга карата тырышчаактыгы жок болуп жатканын жашырган жок. "Азыр жашоомдо баардыгы бар. Негизи бир нерсе жетишпей тургандай болуш керек. Ошондой абалга кайткым келет" деген Загитова. Машыктыруучусу да ушундай эле ойду улаган.

2018-жылы Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында Алина Загитова алтын медаль утуп алган. 2019-жылы Япониянын Сайтама шаарында өткөн муз үстүндө бийлөө боюнча Дүйнө чемпиондугун да Загитова жеңип алган. 2019-жылдын 7-декабрына карата Коньки тебүүчүлөр эл аралык союзу чыгарып турган рейтингге ылайык, Алина Загитова 1-орунда турат.

Дүйнөлүк муз үстүндө бийлөөдөгү бардык титулдарды алган биринчи орусиялык спортчу, бардык башкы стартты жеңген эң жаш бийчи Алина Загитова 17 жашта.






Олимпиада чемпиону Алина Загитова спорттук карьерасын токтотуп жатканын билдирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
15.12.2019. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озу билет
15.12.2019. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chungyz,отугун торго илет ээ)))
15.12.2019. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустун кыздары сулуу болушат. Буттары туп туз, фигуралары зынк.
15.12.2019. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
filis,орус эмес татар
15.12.2019. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тутберидзенин жаш кыздары чыккандан кийин Загитова шанс жок экенин тушунуптур да.А то азыркы учурда Трусова,Щербакова,Косторная любоюн тытып жатат,торт жолу айланып прыжок кылып рекорд коюп
15.12.2019. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура чечим кабыл алыптыр, бардык чемпионаттарда жеңген, олимпиада чемпиону. Ушул боюнча статусун сактап калганы жакшы эмеспи.
16.12.2019. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура кыласың ушундайда токтотуп, болбосо жыгылып, кабыргаң сынып, брак болмоксуң.
16.12.2019. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Store,жардын го ха ха
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: