Алия Шагиева бүгүн 23 жашка чыкканын жазып, Парижге барган сапарында 20 евро менен калганын баяндады








Алия Шагиева бүгүн 23 жашка чыкканын жазып, Парижге барган сапарында 20 евро менен калганын баяндады. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы социалдык тармактагы баракчасына таасирдүү билдирүү жарыялады.
"Качандыр бир кезде ар кандай ойго келбеген окуяларга бай өмүр баяным жөнүндө чыгарма жаза турган болсом, анда анын чейрек бөлүгү Парижге 2-3 аптага барып келгеним тууралуу болот. Азыр анын бирин бөлүшкүм келип турат.
Парижге баргандан үч күндөн кийин бир канча аптага жетиши керек болгон капчыгымда калган акча 10 евро экенин көрдүм. Тыйын-тыпырды чогултсам, баары биригип 20 евро чыкты. Ал акча бир тамактанууга жетмек. Жок, мен бардык акчамды көңүл ачууга жумшап, же уурдатып алган деле жокмун. Аны кийин айтып берем. Жашай турган жерим да белгисиз эле. Бир таанышымдын үйүндө бир канча күнгө эле кала алмакмын. Ошон үчүн бир нерсе ойлоп табуу керек болду.
Жанымда баштыгым анан чоң чемоданым бар. Аны дөңгөлөктөрү менен кошо сүйрөп жүрүү да оор. Адашып кетсем эмне болот, дагы чыгым болуп жүрбөйүн деп коомдук транспортко түшүүдөн чочуладым. Алыс болгонуна карабай жөө жүрдүм. Аргасы түгөнгөн көчмөн-кыргыз аялы эч нерседен коркпойт деген ой жылмаюуну жаратты. Тамашасыз кээде жашоо мүмкүн эместиги сизге деле тааныш болсо керек.
Бир кезде эмне кыларымды билбей турганымда жанымда өтүп бара жаткан эркек кишиден тамеки сурадым. Мага кутусу менен кошо карматышты. Францияда тамеки бизден10 эсе кымбат. Таң калган бойдон четке чыгып, чылымды чегейин дедим. Анан эле бутумдун жанында кыл калем жатканын көрүп калдым. Сүрөтчүлөр колдоно турган жана сапаты мыкты кыл калем! Мен Парижге көргөзмөм менен келип, анан ишенүүгө кыйын болгон кырдаалга туш болуп калып, анан эле жанымда кыл калем жатат! Бир мүнөт мурда эле мени түрдүү санаалар каптап, анан эле бул... Асмандан Кудай түшүп келгендей эле болду. "Алия, сен туура жолдосуң!" деген сөздү айтышкандай эле болду. Ушундан кийин эле баары чечиле баштады.
Ошондон бери кыл калемди баштыгымда көтөрүп жүрөм. Аны менен кошо мен туура жолдо бара жатам деген ишенимимди кошо алып жүрөм", - деп жазган Алия Шагиева.
Буга чейин мурдагы президенттин кызынын көргөзмөсү Париж шаарында өтүп жатканын жазганбыз.
Сүрөтчү Алия Шагиева 2016-жылы турмушка чыккан. Таир аттуу уулу, Аюна аттуу кызы бар.
Алия Шагиева: “Парижде 20 евро менен калдым...“


Кыйынчылыктар деле отуп кетет, кун бурколуп кайра эле жарк деп ачылгандай.
Чет жерде жүргөндө ким эмне болоорун эч ким билбейт, эң негизгиси үй бүлөсү тынч.Фамилия тага журттуку.