super.kg logo

"Сыйлыкты алганда бетим ысып чыкты" дейт "Заманыбыздын супер ырчысы" наамынын ээси Нурлан Насип

 

14-декабрда "Супер-Инфо" гезити, SUPER.KG cайты жана SUPER TV каналы уюштурган "Супер тандоо-2019" концерти күтүлбөгөн көп кызыктар менен коштолду.

Анда добуш берүү аркылуу алдыга чыккан маданият, шоу-бизнес, спорт, тасма тармактарында эмгектенген инсандарга наамдары ыйгарылды. Мындан тышкары, анда сюрприз наамдар болду. Анын бири "Заманыбыздын супер ырчысы" наамы. Бул сыйлык бир нече популярдуу ырларды аткарып, шоу дүйнөсүндө өз ордун таап гана тим болбостон, алдыңкы саптагы позицияны бербей келе жаткан ырчы Нурлан Насипке тапшырылды.

Өз кезинде ырчы мындай сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, ар бир алган сыйлыктар андан ары дагы үзүрлүү иштөөгө дем берерин билдирди.

"Бул наамды алып, бетим ысып чыкты. Төрт жыл катары менен "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамын алдым. Ошондо ушундай наам алам го деп ойлогом. Бүгүн ошол наам берилип отурат, карызга алдым деп эсептейм, актоо үчүн дагы көп эмгек жаратам", - деди ал.

Наамды "Супер-Инфо" гезитинин директору Шайиста Шатманова жана SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова тапшырышты.

Бул жылдын жыйынтыгы менен “Жылдын супер ремейки” наамына да Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын аткаруусундагы “Ырдалып бүтпөйт махабат” ыры татыктуу болгон.






"Супер тандоо-2019": Нурлан Насип, Асел Кадырбекова, Манас Ниязов... Жылдын суперлери аныкталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
16.12.2019. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын! Татыктуусун Нурлан!
16.12.2019. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бир убактарда Орустун Өзбектин Казактын музыкаларын угуп жаттап калдык эле , Кыргыз шоусунда саналуу гана ырчылар болчу бирок жаштарга ылайыктуу эмес. Кийин М Атабеков С Садыралиев И Абдыразаков Т Назаров ж б көптөгөн жаш ырчылар келип Кыргыз шоусун кыйла жандандырды. Мен ошолорду азаматтар деп билем , себеби ар чыгарган ырлары жэткилүктүү укулуктуу.Азыркылар хит болот анан жылдыз оорусу менен ооруп калат. Жалкоолонуп уурдай баштайт.Өчүп кетпеш үчүн.
16.12.2019. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Добуш бергем Нурланга,молодец иним!
16.12.2019. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Кызсайкал менен Зарлыка берген элем Ажырасак деген ыры үчүн.
16.12.2019. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Данияга бериш керек эле
SUPER.KG видео
17.12.2019. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлжигит футболчу азамат. эч кандай жасалма жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: