super.kg logo

Экс-мэрлер соту. Жактоочу Слесарёв: "Сот системи кадыр-баркын күн сайын жоготуп жатат"

 

Бүгүн, 18-декабрда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго карата каралып жаткан кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө. Отурумда экс-мэрлер Кулматовдун жана Албек Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарёв жарыш сөзгө түштү.

"Сот системи авторитетин күн сайын жоготуп жатат. Бул бир нече мыйзамсыз, адилетсиз өкүмдөрдүн чыгып жатканына байланыштуу. Мамлекеттик айыптоочулар мыйзамга баш ийбей калганына кечээ дагы, бүгүн дагы күбө болуп келе жатабыз. Ошондуктан мен Кыргызстандыктарга кайрылып жатам. Бүгүнкү күндө ар бирибиз азыркы учурдагы мамлекеттүүлүгүбүздү жана коомубузду сактап калууга аракет кылып жатат болушубуз керек. Тилекке каршы, систем кыйрап жатат. Балким биз бул нерсени токтотуп калышыбыз керек. Бүгүн мен сөзүмдү баштайын деп жаткан эпизод, мэрия тарабынан бөлүнүп берген жер участокторуна тиешелүү. Эсиңиздерде болсо, мен ар бир эпизодду сериал деп атап келем. Бүгүн дагы жаңы серия башталып жатат. Аны мен "Сделка с правосудием или то чего не было", - деп атап койдум. Анткени иштин бул жагдайы боюнча 7 адам өтүп жатса, бир адам гана тор артында отурат. Ал Албек Ибраимов. Калгандары деле отурат. Бирок залда, алардын эркиндиги үй камагы менен гана чектелген. Ошол эле маалда тергөө бардык 7 адамга "коррупция" беренеси менен айып таккан. Эмнеге соттук иште мындай тандоо болуп жатат? Мамлекеттик айыптоочулардын ишинде дагы ушундай тандоо көрүнүп турат. Анткени алар жаза мөөнөтүн чектөөдө судьядан Албек Ибраимовго 12 жыл сурашса, калган 6 адамга 8 жыл берүүнү суранды. Тергөөнүн, мамлекеттик айыптоочулардын логикасы боюнча мэрияга тиешеси бар адамдын баардыгы коррупционер экен. Анда мындай логика менен кете берсек, өлкөдө баарыбыз коррупционербиз, бирок мыйзам тандоо системи менен каалагандарын эркиндигинен ажыратып коёт. Учурда "хайли лайкли" деген термин модага айланды. Ал англис тилинен которгондо "весьма вероятно" дегенди түшүндүрөт. Биздин сот системи мына ушул "хайли лайкли" деген принцип менен иштеп жатат", - деди жактоочу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
18.12.2019. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде эмне бүт эле камалгандардын жактоочулар орус улутундагылар го.Булар эмне законду жакшы билишеби. Же кыйратып кыргызча билбесе. Бизде сот орус тилинде өтөт да ошол үчүн булар аракет жасабайт кыргызча сүйлөгөнгө. Тетирисинче калпагын чечтирип орусча суйло деп чыгат
18.12.2019. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тан калыштуу эмеспи Атамбаев баштаган топтун адвокаты жалгыз Слесарев.
Absamat-90 түзөттү 2019-12-18 19:17:02
18.12.2019. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сергей ошол сен коргон мэрлер элдин акчасын жеген коррупциянерлер
18.12.2019. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Албек жана Кубанычбек экөө мэрияны эки бөлүп жеп алган экен да.
18.12.2019. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
коррупционерди герой деп алашпасан Серега алар жанын жеген уурулар
18.12.2019. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттордун паркы кеткен эптеп нанын таап жеп жатышат.Ар Ким озуно ОЗУ сот болушуп. ЭРТЕБИ КЕЧ ИЧЕР СУУСУ ТУГОНОТ БУЮРСА.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: