super.kg logo

Жаш ырчы Тилек Темиралиев: "Элге сиңимдүү ырчы болгум келет"

 

Бүгүн, 20-декабрда жаш ырчы Тилек Темиралиев "SUPER-MEDIA" маалымат борборунда клибинин бет ачарын өткөрүп жатып: "Учурда ырчынын саны көп деген кептер айтылып келет. Буга карабастан мен чыгармачылыкка кадам таштадым", - деп билдирди. Анын алгачкы клиби "Бол жанымда" деп аталып, аны тарткан чыгармачылык топ байлыкка, башка адамдардын пикирине караганда түгөйлөрдүн ортосундагы сүйүү бакыты маанилүү экенин көрсөтүүнү максат кылышкан.

"Мага клип тартып, жаратууга караганда чыгармачылыкка кирүүнүн өзү кыйын болду. Бул абдан түйшүктүү кесип экенин түшүнүп турам. Бирок ийгиликтер болот деген ишеним бар. Буюрса элге сиңимдүү ырчы болом деген ниетим чоң", - деди ал.

Жаш ырчынын менеджери Максат Анарбек чынында учурда ырчынын саны көп экенин, топ жарып чыгуу кыйын экендигине токтолду.

"Ага карабастан, Тилек экөөбүз чоң ишти баштадык. Бул биздин чыгармачылыгыбыздын башталышы гана. Тилек ырчылар канча көп болсо, топ жарып чыга алат. Анткени ал иштегенди жакшы көрөт жана таланты менен ырлары элдин жүрөгүнө жетет", - деди ал.






Тилек Темиралиевдин "Бол жанымда" аттуу ырынын клибинин бет ачары өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.12.2019. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунун ырдаганын живой уксанар мынтип жазбайт эленер инстаграмгамга кирип жазып корсонор тилек темиралиев деп ырдаганын коросунор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: