super.kg logo

Башкы прокуратура Атамбаевдин жактоочулары баштык боюнча суракка чакыртылганын маалымдады

 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары Сергей Слесарёв жана Замир Жоошев Аскер прокуратурасына күбө катары суракка чакыртылган. Алар 13-декабрда жана 17-декабрда чакырылганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун 7-8-август күндөрү Кой-Таш окуясында кызмат абалынан пайдалануу фактысы боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу жактоочулар күбө катары сурак бериши керек.

"8-августта Курсан Асанов Атамбаев менен сүйлөшүүгө барган. Анда Асанов мурдагы президенттин жан сакчысы Канат Сагымбаевден маанилүү документтер салынган күлгүн түстөгү баштыкты алып Раиса Атамбаевага жеткирүү үчүн өзүнүн жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулуна бергендиги тергөөнүн жүрүшүндө аныкталды.

Андан кийин өтө маанилүү эмес документтер салынган баштык экс-президенттин жактоочуларына өткөрүлгөн. Замир Жоошев коомчулукту жана тергөөнү адаштыруу максатында социалдык тармактагы баракчасына күлгүн баштыктын сүрөтүн жарыялап, анда маанилүү документтер болгон эмес деген билдирүү жасаган", - деп жазылат маалыматта.

Андан ары прокуратуранын маалыматында, 15-августта Аскер прокуратурасынын соттук чечиминин негизинде Сергей Слесарёвдеги документтер алынганы айтылат. Мындан улам жактоочулар Аскер прокуратурасына келип, көрсөтмө бериши керектигин билдирди.

"Тергөөнүн жүрүшүндө жактоочуларга күлгүн баштык тууралуу суроолор берилет. Бирок Слесарёв жана Жоошев мыйзамды одоно бузуу менен суракка келбей, "укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иши" деп коомчулукту адаштырып жатат. Мыйзам жана сот алдында баары бирдей. Андыктан жактоочулар милдеттүү түрдө суракка келиши керек", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
22.12.2019. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Барбайбыз биз
23.12.2019. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
АША канкор кеткенде да жөн кетпеди!
23.12.2019. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АША жазасын толук алышы керек!
22.12.2019. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Атамбаевтин эч кандай куноосу жок.
23.12.2019. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kairat1996,азыркы бети жок бийлик бат эле коюп коёт куноону..Бул кланга эптеп чыдап,кийинки ажону туура шайласак акталып чыгат кудай буюрса.Колумду чаап салгым келет да ушул кланга добуш берген((
22.12.2019. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда эненер олтурдубу байкуш
Бирин жетим бирин жесир калтырдыбы?
Шакал экенсинер
22.12.2019. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
toktor89,алардын олумуно туздон туз жетекчилеринин шалаакылыгы себеп, биз атат деп ойлободук эле деген
23.12.2019. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Күлгүн баштыкта Атамбаевдин эң маанилүү документ жана байлыктары болгондугу шексиз. Аны бекеринен Асановго берген эмес Асанов андан жакшы эле көлөмдө доля алгандыгы ырас.
23.12.2019. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо кудай зоотехниктин балаасынан,кошоматчылардын жалган жалаасынан сакта!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: