super.kg logo

Тарых музейин оңдоп-түзөө боюнча соттук отурумда сот жактоочулардын өтүнмөлөрүнөн баш тартты

 

Бүгүн, 24-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Кыргыз улуттук искусство музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданды реконструкциялоо боюнча соттук отурум уланууда.

Ага мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков алынып келген жок. Буга байланыштуу сот Марат Сыдыков айыпталуучу өкүм чыкканда эле келерин билдирген. Жактоочу Нурбек Токтакунов соттун мындай билдирүүсү мыйзамсыз экенин айтып, соттун бул иштен баш тартуусун өтүнмө кылган. Башка жактоочулар Токтакуновдун өтүнмөсүн колдошту. Алар соттук отурумдун бейтараптуу өтүшү күмөн болуп жатканын айтышты. Сот кеңешүүгө кирип кетти.

Сот кеңешмеден келгенден кийин жактоочулардын өтүнмөлөрүнөн баш тартылганын айтып, отурумду улантты. Анда айыпталуучу Мира Карыбаева катышып жатат. Сот отурумга келген күбөдөн: "залдагы айыпталуучулардан кимди тааныйсыз?", - деп сураганда, эч кимди тааныбай турганын билдирди.

Сот: "Мира Карыбаеваны тааныдыңызбы", - деген суроосуна күбө "жок", - деп жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.12.2019. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаевдин акмактары тарыхка кол салып музейден акча жешти эле эми минтип кудай жазалап жатат.
24.12.2019. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кытайда мындай коррупционерлерди ит аткандай атып салат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: