Саясатчы Азимбек Бекназаров Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды
Саясатчы Азимбек Бекназаров Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан бүгүн, 26-декабрда кабарлашты.
"Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды", - деп жазылат маалыматта
16-декабрь күнү Жогорку Кеңеште Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси кызматына талапкерлигин карай тургандыгы маалым болгон. Эртеси, 17-декабрда аталган комитет анын талапкерлигин жактырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2026-02-24
15:55
2026-02-24
15:08
2026-02-24
14:30
2026-02-24
Рейтинг:
-1
-1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















