"Кыргыз өлкөсү 10 миллион долларлык гранттан куржалак калбайбы?" Футболдук борборду курууга жер тилкесин бөлүү маселеси дагы бир күнгө жылды



Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары футболдук борборду курууга жер тилкесин бөлүүнү кароо маселесин кайра эртеңки күнгө калтырышты. Бул жөнүндө бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык кеңештин сессиясы башталган учурда белгилүү болду.
Кечээ, 25-декабрда шаардык кеңештин депутаттары күн тартибинде футболдук борбор үчүн жер тилкесин бөлүү боюнча маселени карап, бирок жыйынтык чыгарышкан эмес. Аталган спорттук имарат 10 миллион долларлык суммадагы грант катары бериле турган суммага курулат.
Мэрия учурда дагы жер тилкесин чечүү боюнча шаар мэри Азиз Суракматов комментарий берген жок.
Ал эми шаардык кеңештин депутаттары эртең бул маселе чечиле турганын, жер тилке табылып, бирок юридикалык маселе каралып жатканы тууралуу айтышты.
Жыйын эртең, 27-декабрда саат 9:00дө каралмай болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров айтты. Шаардык кеңештин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Бишкек шаардык кеңеши кезектеги 28-сессиясында 26 маселени карайт. Кечээ анын экөө каралган. Бүгүн саат 10:00гө белгиленген жыйын саат 15:00дө башталып, 10 мүнөт убакыттан кийин эртеңкиге жылдырылды.
Ал эми бул учурда шаардык кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков коллегаларына Бишкек мериясы аларды чайга чакырганын эскертип өттү. Бул учурда жыйын залынан журналисттер чыга элек болгондуктан, ал айткан сөзү үчүн ыңгайсыз абалга кабылып, коллегалары ал сөз бул учурда айтыла турган кеп эмес экенин эскертишти.
Футбол борборуна жер тилке бөлүүнү караган депутаттар тыныгууга тарашты








1 |