Кочкор-Атада баштыкка салынган абалда табылган ымыркайды алгач селсаяк таап алган
Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында табылган ымыркайды алгач селсаяк таап алып, адамдар көрсүн деп автобекетке алып барган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
"Кочкор-Ата шаарындагы көчөлөрдүн биринен ымыркайды алгач селсаяк таап алган. Андан соң аны автобекетке алып барып, адамдар көрсүн деген ойдо ымыркай табылган жерге таштаган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Эч ким кармала элек", - деди басма сөз кызматынан.
Маалыматка ылайык, табылган ымыркай кыз экендиги аныкталган.
Кечээ, 26-декабрда болжол менен саат 17:00 чамасында Кочкор-Ата шаарынын автобекетинин жанында жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси баштыкка салынган абалда табылган.
Баштыктан табылган балканактай баланын энеси табыла элек
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Жок, айбан деген соз жарашпайт мындайларга. Айбанда оз баласын таштабайт. Эмне деп атоо керек, ушуга окшогондорду? Эч жаман соз таба албай турам.