super.kg logo

Манасчы, актёр Табылды Актан III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды. "70 жылдык юбилейиме жакшы белек болду" дейт ал

 

Бүгүн, 30-декабрь күнү жарыяланган президенттин жарлыгына ылайык, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Табылды Актан III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды. Сыйлык тууралуу актёр SUPER.KG порталына төмөнкүдөй комментарий берди.

"Мага сыйлыкты алдыңыз деп эртең менен айтып жатышкан. Койгулачы тамашаңарды деп койдум эле. Биз театрда 52 жыл талбай эмгек кылдык. Кыргыз театры үчүн болгон аракетибизди жумшадык. Эч нерсесинен калбадык, ары кетип, бери келген жокпуз. "Мени көрдүңөрбү?" деп көкүрөк какпай, жерди карап алып иштей бердик. Эмгегиң кайтып, бааланса сүйүнөт экенсиң. Мен жазында 70 жылдык юбилейимди бергени жаткам. Ошонун алдынан да жакшы белек болуп калды. Сыйлыкты ыраа көрүшкөнүмө ыраазымын", - дейт сыйлык ээси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.12.2019. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Биз кыргыздар сыйлык наам десе жата калабыз го
31.12.2019. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz_bloger,сиз биринчи 52 жыл иштеп көрсөнүз
30.12.2019. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куттуктайбыз. Татыктуу болду. 52жыл иштеген адамга берсе жарашат
30.12.2019. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер дагы кимдер наамга татыктуу болушту баардыгын тизмесин чыгарсаңар жакшы болмок. Токтобүбү Черикчиева "КРнын эмгек сиңирген артисти"-наамы ыйгарылды бекен? Өткөндө 50 жылдык юбилей концертинде Маданият министрликтен келишип "наамды буйруса жаңы жылга пландап жатабыз"-деп айтпады беле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: