"Президенттин куттуктоосу лед экран аркылуу аянттагы элге көрсөтүлдү". Жалал-Абад шаарындагы жаңы жылдык иш-чарадан сүрөт











31-декабрда өлкөнүн жети дубанында Жаңы жылга карата майрамдык иш-чаралар өттү. Иш-чара ар бир облуста ар кандай болду. Жалал-Абад облусундагы майрамдык концерт кандай өткөнү тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабар алдык.
"Жаңы жылга карата кайрымдуулук куттуктоолор болгон. 31-декабрда кечинде шаардын борбордук аянтына орнотулган балатынын алдында концерт өттү. Иш-чаранын жүрүшүн, тургундардын куттуктоолорун, маанайларын жергиликтүү телеканалдардын биринен 3 саат бою түз алып көрсөттүк. Мындан тышкары, президенттин куттуктоосун лед экран аркылуу аянттагы эс алуучуларга түз алып көрсөттүк. Сааттын жебеси 00:00дү какканда, 10 мүнөт бою фейерверк атылды.
Коомдук транспорт түнкү саат 02:00гө чейин каттап, жүргүнчүлөрдү ташыды", - деди басма сөз кызматынан.
Бүгүн, 1-январда аянтты "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тазалап, таштандыларды чогултуп кеткенин кошумчалады шаардык мэриядан.
Өлкөнүн жети дубанында Жаңы жыл кандай белгиленди?







1 |