super.kg logo

Кундуз Жолдубаева кызын эмне үчүн сотко алып келгендигин айтып берди

 

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева социалдык баракчасына кызын эмне үчүн соттун имаратына алып келгендиги тууралуу жазып чыкты.

"Көпкө чейин бул билдирүүнү жазсамбы же жокпу деп ойлоп жүрдүм. Акыры жазуу керектигин туура көрдүм. Дарига менин 5 жаштагы кызым, аябай дилгир. Балким, кеч төрөлгөн балдар, кала берсе тун балдар ошондой болор. Көпчүлүк Кой-Таш окуясында кызым кайда болгонун билгиси келет. Жыл сайын жайында кызым Нарынга, таене-таятасыныкына барып эс алып келет. Жалпы Кой-Таш окуясына байланыштуу кызым мени менен УКМК имаратына да барган, ММКларга интервью берген учурумда жанымда болгон. Бир ирет кызым башкы бетинде Алмазбек Атамбаевдин темир тор артында түшкөн сүрөтү менен гезитти көтөрүп келиптир да "Апа, эмнеге Атамбаев темир тор артында жана капалуу отурат?" деди. Андан соң "Эмнеге сенин досторуңдун баарын камакка алып жатышат?" деп сурады. Ал биринчи кезекте өз өлкөсүнүн эркин жараны. Мен аны дайым жеке инсан катары карайм, кызымдын өзүнүн пикири, тандоо укугу бар.

Ошол күнү бизди ИИМдин тергөө башкармалыгында 6 саат кармап, саат 20:00дө гана оор кылмышка шектелип жатканымды билдиришти. Мен кызым менен коштошуп алууга мүмкүнчүлүк берүүсүн сурандым. Бирок бизди криминалдык милициянын унааларында ыкчам топтун кызматкерлери коштоп сотко алып барышты. Сот залына эч кимди киргизишкен жок. Мен кармалбасам да сыртка чыгарбай жатышты. Мындай көрүнүшкө кыжырданган Замир Жоошев мени Даригуша менен коштошуп алсын деп күч менен алып чыкты. Тергөөчү менен прокурор 9-февралга чейин мени камакка алууну сурашты. Бул учурда мен кандай абалда болгонумду элестете албайсыздар. Диванда отуруп алып сиздерге мораль тууралуу сүйлөө жеңил. Мен ал учурда бир гана нерсени - дагы бир жолу кызымды кучактап өөп, аны канчалык жакшы көрөрүмдү айтып алууну ойлогом.

Мен бул өлкөдө жашоо жакшырышы үчүн болгон күчүмдү жумшайм", - деп сөзүн жыйынтыктаган Жолдубаева.

Эске салсак, 27-декабрь күнү Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова ИИМдин Тергөө башкармалыгына саат 14:00дө сурак берүүгө киришип, кийин барымтага алуу, баш аламандык уюштуруу жана күч менен бийликти басып алууну уюштуруу боюнча айыптар коюлганы маалымдалган. Ал аралыкта Жолдубаеванын 5 жашар кызы апасын түнгө жана кыштын суугуна карабай, сурактан, кийин соттун имаратынан чыгышын күткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(24)
04.01.2020. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кундуз кыйраткансып кыйын болбой цирк койгонду токтоткула
04.01.2020. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
chake,
Азыркы циркти уюштуруп жаткан бул Сооронбай Жээнбеков. Сооронбай бийлике келгени эч бир жакшылык коргон жокпуз. Сооронбайдын барынан бизге жогу жакшы болчу. Кайда барба Сокеге нааразы болгон адамдар. Сокенин куулук саясаты аягы жакшылыка алып келбейт. Сокенин камалаар куну келет. Соке кетсин.
04.01.2020. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
erlan2196,
Атамбаевтин аркасына С.Жээнбеков суу куюп кетпедиби. Азыр Атамбаевти сатып, артына суу куюгандарды Соке майлуу кызматтарга дайындап жатат. Эмне учун.
04.01.2020. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
yrmat88,кош таштагылар эмне кылаарынарды билбей супер инфого кирип коментарий жазып бир азда болсо жеңилдеп отурат окшойсуңар.
04.01.2020. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
erlan2196,Жээнбеков бийликке келгенден бери коррупция менен күрөшүп убактысы өтүп кетти, анткени Кыргызстан коррупцияга батып калган өлкө болчу.
04.01.2020. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
erlan2196,сен осурсаң деле Жээнбеков осурду дейт окшойсун Атамбаев катуураак жамгыр жааса да Бакиев күнөөлүү дегендей
04.01.2020. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кундуз өзүндү ойлобой баланды ойлосоң боло. Байкуш балаң суукта үшүп турду. Анын психикасын жабыркатпа. УЯТ!!!
04.01.2020. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Балада эмне куноо,ар ким оз кылганына жооп берет. Бирок суукта баланы эшикке калтырган туура эмес.Курбу кызым алып келди дейт, ошол курбусунун уйундо деле отуруп турса болот. балага аябай боору ачыгандар болсо ошол жерде унаага отургузуп турса деле болмок. Ал жерге тургузуп коюу атайын пландаштырылган экенин корууго болот.
04.01.2020. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
chake,Кундуз Жолдубаева Атамбаевдин колтугунан чыга албай жүрдү эле эми кайра барат окшойт.
04.01.2020. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
chake,Кундуз Жолдубаева Атамбаевдин колтугунан чыга албай жүрдү эле эми кайра барат окшойт.
04.01.2020. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кундуз ташбоор апа экен кызын суукта калтырып коюп өзү ичине кирип кетти. Ал да кайсы бир деңгээлде хитраялык кылуу жолу деп коёт же башкача айтканда Кундуздун планы боюнча эгер кызды алып барып суукта калтырып күттүрүп койсо (апасын күтүп аткан баланын ролун ойнош керек эле да кызы) соттор боору ооруп аны камабай чыгарып иймек жана ал планы ишке ашты. Бирок хитраялык кылуунун башка жолдору да бар да, жаш баланын психикасын бузуп аны өз максатынын артында курмандыкка чалбай эле койсо болмок.
Alimbek1000 түзөттү 2020-01-04 11:00:29
04.01.2020. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Alimbek1000,Озундун башына келгенде кормокмун кандай абалда болгонунду
04.01.2020. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Altyn.bala,кундузканын иничеги окшойсуң.
04.01.2020. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кой сен мамлекеттин онугушуно салым кошпой эле озунду эптеп алчы.
04.01.2020. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bond02,жардын го
04.01.2020. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ай Кундузка чырагым эмне дейсин, өлкөдө жашоо жакшырышы үчүн дейсиңби ботом, күлкүмдү келтирбечи. Атамбайыпты кайра бийликке койсок жашоо гүл болот эле деген ойдосуңбу. Кой садагаң кетейин мага окшоп тынч эле үйдө кызыңды карап отурчу, акылың эч нерсеге жетпегенден кийин. Саясаттагылардын коргончу бир сөзү "мен өлкөдө жакшы жашоо болушу үчүн..." деп эле өлкөгө күйүмдүү болуп чыга келишет.
04.01.2020. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекеттин абалы жакшырышы үчүн кылган эмгегиңерди көрдүк.
04.01.2020. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жанин жейт касамкор,мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирип,бийликти басып алуу,барымтага аскерлерди алуу боюнча оор күнөөлөр менен соттолуп кетишинер керек.Силердей адамдар менен жана да Карамушук бар өлкө өнүкпөйт.
04.01.2020. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жайында Нарынга жиберипсин кышындада жиберип турсан болмок экен терго буткончо !
04.01.2020. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул бузукулардын айынан Кыргызстан дагы бир жолу толкун болуп граждандык согуш болуп кетуусу мумкун эле.Элдин канын коксоп калган эле булар жексурлар.Элдин жакшы жашоосу учун деп коет бетпак элдин убалына калат эленер и так бир жаш уй булолун тагдырын талкаладынар акмактар.Силерди атып салса жарашат.
04.01.2020. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эки дөө урушса ортодогу чымынга зыян дегендей эл журт жанында жүргөндөр садага чабылып кете берет кээ бир куулары пайдаланып уурдап жулуп калбаса Кундуз дагы ошолордун бири сыяктуу бирок кээ бир эркектерге караганда ушулар качкан да жок саткан да жок адам катары сыйлайм аягына чейин туруп жатат.
04.01.2020. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сибирге сургунго бараткандай коштошуп алайын дейби жаман актриса.
04.01.2020. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кызына күйбөгөн, элге күйчү беле? Кызын колдонуп жатат да күйдүргү. Бар кызым үйгө бара бер дебейби?
04.01.2020. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми кызыңдыда өзүң аралашкан ыплас саясат жолуна аралаштырып баштайт экенсиңда "Өз укугу" деп. Ал кызды жөн эле койчу, сага окшоп кайдагы чиновниктердин кулу, токолу болбой, бир жакшына билим алып, үй бүлө куруп, бактылуу үйбүлөлөрдү куруп, жашоосун улантсын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: