Кой-Таш окуясы. Жээнбеков, Карамушкина, Жолдубаеванын мүлкү камакка алынды
Кой-Таш окуясына байланыштуу иши каралып жаткан Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаеванын мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева SUPER.KG порталына билдирди.
"30-декабрь күнү Мамлекеттик экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүлөрү токтомду колубузга карматып кетишти. Анда Кой-Таш окуясына байланыштуу иши каралып жаткандардын кимисинин мүлкү болсо, баарыныкы камакка алынганы маалымдалган. Тизмеде мен, Ирина Карамушкина, Равшан Жээнбеков бар. Асел Кодуранованын мүлкү жок болгондуктан, ал тизмеге илинген жок. Ал эми Мээрбек Мискенбаевдин мүлкү жок болсо да Мискенбаев деген фамилиялардын баарын камакка алып коюптур", - дейт Кундуз Жолдубаева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Раим миллион, Сооронбай Жээнбековтордун мулкун ким камака алат. Сооронбай озу эмне кылмыш кылып жатканын эл коруп турат. Сооронбай кетсин. Мунун баарын бир тууган иниси Асылбек деген немеси чогулуп жасап жатышат. Сооронбай Жээнбеков татыксыз президент. Кетсин.
Анык трайбалист жээнбеков. Азыр соке жердешетерин, туугандарын, тагаларын укаларын бийлике ташып келди. Жоголсун жээнбековтун кланы
Сокенер калп эле Эл көзүнө элдик көрүнмө, бирок жең ичинен жеп-ичкен адам экен да. Сокени эл сыйлабайт.