super.kg logo

Кыргыз ырчысы Салтанат Аширова казакстандык шоу-программадан четтетилди. Сынак тууралуу ырчы эмне дейт?

 

Кечээ, 4-январь күнү Казакстандын "Хабар" телеканалынан "Топ жарган" вокалдык шоу-программасынын финалы көрсөтүлдү. Финалда кыргыз ырчысы Салтанат Аширова да бар экени маалым.

Конкурстун финалында Салтанат Аширова Мирбек Атабековдун "Күндөр жаңырат" аталышындагы ырын кыргыз, казак тилинде гитара менен аткарып, андан кийинки номеринде урма аспапта мыкты ойноорун көрсөткөн. Финалга чыккан 4 катышуучунун арасынан калыстар кеңешип, Салтанат Ашированы программадан четтетишкен. Долбоордун жыйынтыгында 3 орун тең казак боордошторуна берилди.

Шоу-программа тууралуу ырчы айымга кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөргө токтолду.

"Менин өз күчүм менен финалга жеткеним деле чоң ийгилик. Программада катышуучулардын баарында колдогон команда болуп жатты. Мен болсо жалгыз өзүм жүрдүм (күлүп). Мындай жыйынтыкты күткөм. Мага орунду беришпесе деле керек эле. Жыйынтыкка капа болгон жокмун. Негизгиси, мен ал жактан өзүм үчүн чоң сабак, стимул алдым", - дейт Салтанат Аширова.

Эске салсак, Салтанат Ашированы уюштуруучулар аталган вокалдык шоу-программага өздөрү чакырып тандоосу жок сынакка өткөрүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(11)
05.01.2020. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми мунусу ким болду?
05.01.2020. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Musafir,тааныбасаныз интернетке атын жазып караңыз. Кыргызстандагы саналуу таланттуу ырчылардын бири.
05.01.2020. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Musafir, көөп ырчыларга караганда үнү бар спонсору жок
05.01.2020. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Салтанат Аширова канча жылдан бери ырдап келет. Бирок казактар рейтинг көтөрүү үчүн атайын чакырганы билинип турат.Ушундай деңгээли менен чоң ырчы айым кичинекей бир теле берүүгө катышкан өзү уят.Барбай койсо кайра авторитет которулмок, кыргыз жакшы билет Салтанат ким кандай ырчы кандай тепкичте тураарын.
05.01.2020. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр Салтанат сыяктуу жандуу үн менен ырдагандар керек болсо ошол эле казактарда манжалап саналат. Эрке Эсмаханы менен Камшат Жолдыбаева Салтанаттын чаңында калат!
06.01.2020. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Musafir,ырчы жазылып туратго ырчы деп
05.01.2020. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шоу бизнестен тушунугу жоктор,бул ким,ушундай дагы ырчы барбы деп жазбай эле койгулачы,силер билбесенер эле ушундай ырчы жок болуп калбайт да,силер тааныбайсынар болду,ошол эле.
05.01.2020. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Казактар кыргыздарга качан эле байге беришти эле
05.01.2020. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
айтышта да орун берилген эмес,бул жагын да окшоштурушту
05.01.2020. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Салтанат аябай кучтуу вокалистка. Мен бугун ТВ дан кордум. Баарынан кучтуу болуп турса дагы кулатып коюшту. Кахактар бизди коро албайт экен. Алардан жакшылык кутууго болбойт.
06.01.2020. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми бул кыз профессионалдуу ырчы да. Казакстандын кафелеринде эми кенен кесир ырдай баштайт, озуно жакшы реклама жазап алды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: