ИИМ: "Кой-Таш окуясы боюнча шектүүлөрдүн мүлктөрү камакка алынды. Ал эми шектүүлөрдүн туугандарынын мүлктөрү камакка алынган эмес"

Кой-Таш окуясы боюнча шектүүлөрдүн мүлктөрү камакка алынды. Ал эми шектүүлөрдүн туугандарынын мүлктөрү камакка алынган эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.
"2019-жылдын 7-8-август күндөрү болгон окуялар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, мамлекетке жана жарандарга келтирилген чыгымдардын ордун толтурууну камсыздоо максатында, Жазык-процесстик кодексинин 123-беренесинин негизинде жана Мамлекеттик каттоо кызматы берген маалыматка ылайык оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектелгендердин мүлктөрү камакка алынды. Ал эми шектүүлөрдүн туугандарынын мүлктөрү камакка алынган эмес", - деп жазылат министрликтин маалыматында.
Буга чейин Кой-Таш окуясына байланыштуу иши каралып жаткан Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаеванын мүлкү камакка алынганын Жолдубаева билдирген эле.








1 |