super.kg logo

Кочкордо 37 жаштагы келиндин жансыз денеси өз үйүнөн табылды

 

Нарын облусунун Кочкор районунда 37 жаштагы келиндин жансыз денеси өз үйүндө табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 1-январь түнү болжол менен саат 00:40 чамасында РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кочкор районунун "Тез жардам" бөлүмүнүн фельдшеринен кабар келип түшкөн. Анда ал Жаңы-Жол айылынын 1983-жылы туулган С.Ж. аттуу келинди үйүнө көрөлү деп барганда, келин каза болуп калыптыр деген билдирүүнү айткан.

Бул факты Кочкор РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, төмөндөгүлөрдү аныктаган.

"Ыкчам иликтөө тобу барганда 37 жаштагы келин үйүнүн уктоочу бөлмөсүндөгү диванда чалкасынан жаткан абалда табылган. Жансыз денени сыртынан кароо жүргүзгөн учурда оң жак көзү, чыкый тарабы кичине көгөргөндүгү байкалган. Жогорудагы көрсөтүлгөн даректе маркум жолдошу менен жашап келген. Алардын бир кыз, бир уулу бар болгон. Балдары ал учурда таятасынын үйүндө болушкан. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө маркумдун жолдошу келинчеги экөө үйүндө акча тууралуу пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, аялын эки жолу жаак тушка муштум менен чаап, андан соң каракуш тушуна бир жолу бут менен тээп жибергендигин көрсөткөн. С.Ж.нын жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш иши башталган", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.






Кочкордо 37 жаштагы келиндин жансыз денеси өз үйүнөн табылды

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
06.01.2020. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жаңы жылыңар чу дегенде эле өлүмдөр менен башталдыго.
06.01.2020. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кыргыздын келиндерин куйоолору олтургон коп катталып жатат.Билинбегени канча.Токмок жеп чыдап жашап жургондун аягы олум.
07.01.2020. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошо тепкен бутун шал болуп калса экен,туалетке баралбай эшек десе
07.01.2020. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх алсыз гана байкуш аялдар!!!
Эгер ажал алып кетпегенде, байкуш жашамак дагы эле жоок мудурулдум сузуп алдым деп жаап жашырып..Акмак эссиз эркекти
07.01.2020. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колунан бок келбеген эркектер ошентип аялынан кучун чыгарат да эшектер. Кочого чыгып бироого тийишсинчи азабын берет ошол учун аялына кыйын болот. Шал болуп калгыр. Балдарына тушундуруп кор эми кантип олтургонуну айбан.
07.01.2020. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыздын аялын эркеги олтуруп эмне акыбалга келип калдык... Кана баягы кырк чоро, чыксын ушундай окуяларды алдын алсын, жетим балдардын саны укмуштуудай кобоюп жатат, эне мээримине тойбогон баланын келечеги кандай болот. Эй эркек соройлор! Силердин ушундайынардан кыргыздын кызы чет элге кетет! Кыргызды тукум курут кыла турган булар аялын аялдай кармай албаган эркектер, алардан аялдар качып ажырашып кутулат, же олуп кутулат. Мээримге тойбогон балдар кыргыздын келечегине жарайбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: