super.kg logo

"Атам клипке тартылганын досторуна майлап бериптир" дейт "Супер хитке" чыгармасы кошулган Айпери Кулбаева

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун рэп аткаруучу Айпери Кулбаеванын "Ата" клиби толуктады. Чыгарманы атамдын 70 жашына арнагам деген ырчы буларга токтолду.

"Бул чыгарманы атама арнап, клипти дагы атам экөөбүзгө байланыштуу кылып тарттык. Клиптеги бардык окуялар биздин башыбыздан өткөн күндөрдөн алынган. Атам спорттун бир нече түрү менен машыгат. Биз дагы кичинебизде атам менен чогуу машыкчубуз. Атам ыр дагы жазат, клипте ошол учурду дагы көрсөтө кетели дедик.

Клип элге көрсөтүлө баштаганда атамдын достору жуубайсыңбы дешиптир. Ошентип үйгө чакырып, майлап бериптир", - дейт ал.

25-ДЕКАБРДАН 1-ЯНВАРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Эрлан Андашевдин "Өкүнбө" чыгармасы эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орунга - Курал Чокоев менен Шерхан Абкуловдун "Кыздар, ай" чыгармасы жайгашты.

8-орунду - Добрдын "Эр жигиттер" аталышындагы клиби ээледи.

7-орун - Мурат Ниматовдун "Келинчегим бол" клибине буюрду.

6-орунду - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Жөнөкөй жигит" видеоклиби камсыздады.

5-орунду - Нурмат Садыровдун "Кайда кеттиң?" клиби багындырды.

4-орунга - Султан Садыралиевдин "Ыраазымын сага" видеокомпозициясы жайгашты.

3-орунду - Кубаныч Баркалбасовдун "Айдайым" видеоклиби ээледи.

2-орун - Азат Раимбердиевдин "Карагым" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алды.

1-орун - Төлөгөн Мамыровдун "Жубайыма" клиби эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү видеоклибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: