super.kg logo

ТЕСТ: "Адамзат качан чечет, качан коёт. Канткенде адам уулу адам болот?". Чыңгыз Айтматовдун "Кыяматын" окугансызбы?

 

Ааламдын акылман сүрөткери, кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов курч калеми менен дүйнө элине кыргыз элин таанытып, философиялык, улуттук баалуулуктарды камтыган мыкты чыгармаларды жаратып кетти. Бул баа жеткис эмгектер менен кыргыз эли ар дайым сыймыктанат.

"Кыямат" романында адам дүйнөсү коркунучта тургандыгын жана ал коркунучту адам баласы өз колдору менен жасап алганы айтылат. Айтматовдун "Кыямат" романын окугансызбы? Анда тесттен өтүп, өзүңүздү сынап көрүңүз.

Аталган чыгарманын негизинде тартылган "Акбаранын көз жашы" тасмасы тууралуу да тест бар. Андан өтүү үчүн ушул шилтемени басыңыз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" романы канча бөлүмдөн турат?

"Кыямат" романы 3 бөлүмдөн турат.

Кийинки суроо


1
2
3

"Кыямат" романы алгач орус тилинде "Плаха" деген аталыш менен "Новый мир" журналына жарык көргөн. Ал эми кыргыз тилинде "Ала-Тоо" журналына "Кыямат", "Акыр заман" деген аталыштар менен чыккан. Чыгарма үчүнчү кандай аталыш менен чыккан?

Орусча түп нускадагы "Плаха" сөзмө сөз которгондо "адамдардын башын ала турган бийик секи", "өлүм жазасы окулуучу дөбө", "баш алынуучу баталга" деген маанини туюндурат. Сөзмө сөз которгондо "Баталга" деген маанини билдиргендиктен "Баталга" деген аталыш менен дагы жарык көргөн.

Кийинки суроо


"Каар заман"
"Баталга"
"Кыямат кайым"

Бостондун минип жүргөн аты кандай аталган?

Бостондун минип жүргөн аты Дон күлүк аталган.

Кийинки суроо


Дон күлүк
Алгара
Алабаш

"Кыямат" романындагы карышкырлардын Ысык-Көлгө ооп келиш таржымалы, ал жердеги Бостондун жашоосу, бөрүлөрдүн трагедиясы кайсы бөлүмдө сүрөттөлөт?

3-бөлүмдө сүрөттөлөт.

Кийинки суроо


биринчи бөлүмдө
экинчи бөлүмдө
үчүнчү бөлүмдө

Авдий жашоосунда болгон нерселерге нааразы болуп жүргөн чагында ага бул жашоодо үмүт бере алган адам бар экенин сезет жана ага кат жазууну уланта берет. Ал ким болгон?

Авдий бул жашоодо бардык нерсеге нааразы болуп жүргөн чагында, анын жашоосуна үмүт отун жандырган Инга Федоровна аттуу айым болгон.

Кийинки суроо


Сауле Алимбаева
Инга Федоровна
Алия Исмаиловна

Романда грузин элинин боштондугу үчүн күрөшкөн баатырлары жана өзөктөн чыккан өрт, өздөн чыккан жат жаман дегендей эле жакын адамдардын ичинен бири чыккынчы чыгып, бул топту жок кылган адам тууралуу кайсы аңгемеде айтылат?

Чыгарманын ичинде “Жетинин бири” деген кыска аңгеме бар. Ошол аңгемеде грузин элинин боштондугу үчүн күрөшкө Гурам Жохадзе баш болгон бир топ баатырлар чыгат. Алардын арасынан Сандро деген чыккынчы чыгып, Гурам Жохадзе жана башка баатырлардын баарын өлтүрүп, качып кетет.

Кийинки суроо


"Жетинин бири"
"Баатырлар баяны"
"Түбөлүк колукту"

Романдын айрым бөлүктөрүнүн негизинде "Акбаранын көз жашы" аталышындагы тасма жарык көргөн, ал тасмага ким режиссёрлук кылган?

"Акбаранын көз жашы" тасмасына Дооронбек Садырбаев режиссёрлук кылган. Кино 1989-жылы алгачкы жолу экранга чыккан.

Кийинки суроо


Дооронбек Садырбаев
Болот Шамшиев
Төлөмүш Океев

Чыгармада негизги кайсы каармандардын өмүр таржымалы, тагдыры сүрөттөлөт?

Чыгармада негизги каармандар Бостон Үркүнчиев жана Авдий Каллистратовдун тагдыры сүрөттөлөт. Эки каармандын айланасында чыгарма өзөгү өрчүп, өзгөрүп олтурат.

Кийинки суроо


Авдий Каллистратов жана Базаркул Нойгутов
Бостон Үркүнчиев жана Авдий Каллистратов
Базаркул Нойгутов жана Бостон Үркүнчиев

Чыгарма орус тилинде жазылгандыктан, аны кыргыз тилине которуп, кыргыз калкына тартуулоо иштерин өз учурунун мыкты котормочулары колуна алган. Чыгарманын 3-бөлүмүн ким которгон?

Чыгарманын 1-2-бөлүмүн Ашым Жакыпбеков которсо, 3-бөлүмдү таланттуу котормочу Аман Токтогулов которгон.

Кийинки суроо


Ашым Жакыпбеков
Аман Токтогулов
Ташым Байжиев

Чыгармада бөрүлөр Моюнкум чөлүндө жашап жүрүп, адамдар бөкөндөрдү кырган убагында бөлтүрүктөрүнөн ажырап, жер которууга туура келет. Алар кайсы жакка жер которот?

Алар Ысык-Көлгө жер ооштуруп келип, жашап калышат.

Кийинки суроо


Ысык-Көлгө
Таласка
Таразга

Чыгармада Авдий Каллистратов баңги затын ташыган топко кошулуп, алар менен бирге ысык-суукту бирге көрүп, жашоо кечирет. Ал мындай ишке кандай максатта барган?

Ал мындай ишке редакцияга очерк жазуу максатында барат.

Кийинки суроо


пайда көрүү максатында
очерк жазуу максатында
жер көрүү максатында

"Эт төгүүнүн 5 жылдык планы аткарылбай калды" деп облустун иши чатакка айланып бара жатканда облбашкарма бөкөндөрдүн эти менен план толтуруу идеясын ойлоп таба калып, ага 6 адамдан турган топ түзүп, ал жакка жөнөтөт. Ал топ өздөрүн кандай атап алышкан?

Алар өздөрүн “Хунта” тобу деп атап алышкан. Бул топто жалпы 6 адам болот.

Кийинки суроо


"Сафара"
"Хунта"
"Мутант"

Чыгармада айтылган "Атадан алтоо болсоң да – бир ... башыңда, жападан жалгыз болсоң да – бул... башыңда" көп чекиттин ордун толуктаңыз.

“Атадан алтоо болсоң да – бир жалгыздык башында, жападан жалгыз болсоң да – бул жалгыздык башында"

Кийинки суроо


жалгыздык
карылык
өлүм

Чыгармада карышкыр болсо дагы бөлтүрүгүнөн, дөбөтүнөн айрылып, күйүтүнө чыдабай, адамдардан өч алып тынган карышкырды эл кандай атап коюшкан?

Эл дал ушул бөрүнү Акбара деп атап коюшкан.

Кийинки суроо


Көкжал
Акбара
Көкбөрү

Чыгармада өздөрүн "Хунта" тобу деп атап алган адамдар талаада Авдийди кандай абалда таштап кетишет?

Алар өздөрүн “Хунта” тобу деп атап алган адамдар Авдийди талаадагы тартайган сөксөөлгө керип, байлап коюшат. Алардын мындай абалга ичимдикти ичип алганы жана Авдийдин туура жолго чакырганы түрткү болот.

Кийинки суроо


өзүлөрү менен кошо ала кетишет
тартайган сөксөөлгө керип, байлап коюшат
өлтүрүп кетишет

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(25)
11.01.2020. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коп жолу окусам да 47 бал болду
11.01.2020. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
katerina.li,мениеидагы:)))47балл болду уят.хотя коп эле жолу окугам. Жайлоодо чырактын жарыгында окуган кундорум болгон
11.01.2020. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ainura220888,ошо уялып калдым. Вроде жаш элемин,память жокко таптазале
11.01.2020. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
74 балл болду коп жери эстен чыгып кетиптир. Дагы бир сыйра окуюн дедим эле. Электрондуу версиясы барбы
11.01.2020. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Озоктон чыккан орт, озондон чыккан суу жаман дегендей эле дегени эмнеси?? Озоктон чыккан орт жаман оздон чыккан жат жаман дейт. Макалдар боюнча тест тапшырып кордунуз беле
11.01.2020. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Үч туура эмес, 80 балл болдум, мектептен бери окуй элек элем, анан да макалды туура кылсаңар, өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман дейт
11.01.2020. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
67 бал.
11.01.2020. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
100балл
11.01.2020. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
67
11.01.2020. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Кийинки минустар учун алдын ала рахмат)))
11.01.2020. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
74 балл. 1994 жыл окуган элем адашпасам. Кийин китепби уйго келген коноктордун бироосу ала кетип таппай калгам.
12.01.2020. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Теманын өзүн туура жазып алгылачы биринчи, уулу эмес улуу адам болот.
13.01.2020. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
rafo80, темада туура эле жазылган, уулу деп, адам баласы жөнүндө болуп жатат... Аталыш Айтматовдун калемине таандык ыр саптарынан алынган жана чыгарманын маанисине шайкеш болгону үчүн коюлган...
"Эзелтен чечилбеген улуу талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ураалап жоо кууса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ажалга көз жумса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?"
12.01.2020. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
54 балл
12.01.2020. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
100болду го
13.01.2020. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
З4 балл
13.01.2020. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
60 балл болду.Коп нерсени билбейт экем.
13.01.2020. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
40 балл 40 минус басып койгула эми
13.01.2020. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ушул тексти жазган СУПЕРЧИ (уулу) деген менен (улуу) деген создун айырмасын билесинби?
13.01.2020. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Osh2017g,
Темада туура эле жазылган, уулу деп, адам баласы жөнүндө болуп жатат... Аталыш Айтматовдун калемине таандык ыр саптарынан алынган жана чыгарманын маанисине шайкеш болгону үчүн коюлган...

«Эзелтен чечилбеген улуу талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ураалап жоо кууса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ажалга көз жумса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Модератор Эльвира Караева түзөттү 2020-01-13 09:54:45
13.01.2020. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
admin_media,ошо,элдин баары эле озун акылдуу сезет. Уулу деп туура жазылган. Кыйын акылдуу болсо ушу тесттен жуз бал алат элек го
13.01.2020. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
67
13.01.2020. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Хе-хе, силер тургай мен 3 ката кетирип жибердим!
14.01.2020. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тест түзгөн адам. "Жетинин бири"н окуган бекен. Чыккынчы Сандро качпай эле, чогуу ырдап отуруп, анан баарын өлтүрүп,берилген тапшырмасын аткарып,анан өзүн өзү атат.
21.10.2020. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 болду.Мектептен бери окуй элек элем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: