super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 11-ЯНВАРЬ: Эң сулуу корей актрисаларынын бири Сон Йе Жин 38 жашка чыкты. "Муздаткычта түнөгөндөй" атактуунун бетине эмне үчүн бырыш түшпөйт?

 
Сон Йе Жин менен Хён Бин.
Актриса балалык кезинде.

Учурда Түштүк Кореяда жана деги эле дүйнөдөгү корей дорама сүйүүчүлөрүнүн арасында "Махабаттын авариялык конуусу" ("Аварийная посадка любви") деген сериал кызуу талкууга алынып, ар бир бөлүгүн чыдамсыздык менен күтүп көргөндөрдүн катмары калыңдап жатат. Баса, сюжет да кызыктуу. Анда Түштүк Кореянын бай кызы парапланды сынап көрмөкчү болуп, бирок аны менен учуп жүргөндө катуу шамал баш каарманды Түндүк Кореяга алып барат. Ал жактан офицерге жолугуп калып, экөөнүн ортосундагы мамиле андан ары баяндалып отурат. Бирок кеп бүгүн албетте, сериал тууралуу эмес. Кеп бүгүн - сериалдагы баш каармандардын бири, эң сулуу корей актрисаларынын төрүнөн орун алган Сон Йе Жин тууралуу болот. Ал бүгүн 38 жашка чыгып, анын 20 жылын тасма талаасында өткөрүп келүүдө.

16 сериядан турган "Махабаттын авариялык конуусу" сериалынын
6 бөлүгү гана көрсөтүлгөнүнө карабай, дорама көрүүчүлөр
тарабынан жакшы кабыл алынып жатат.



Сон Йе Жин дебюттук ролун тасмада мындан 20 жыл мурда аткарган. Андан ары дагы бир канча фильмдерге жана сериалдарга тартылып, бирок атактуулук алып келген тасмалар "Сүйүү жөнүндө повесть" (2002-жыл), "Классика" (2003-жыл) болгон. 2003-жылы дагы бир ийгиликтүү ролду "Жайдын жыпар жыты" сериалында аткарган. Удаасынан келген бул долбоорлор Сон Йе Жинди заматта белгилүү актрисалардын катарына кошкон.

Толтура таасир калтырган, түрдүү сезимдерге жетелеген тасма... Көрө элек болсоңуз, короткон убактыңызга өкүнбөйсүз.




Бүгүн туулган күнүн белгилеп жаткан атактуу түрдүү ролдорду алганды жактырат. Актриса катары кашыктап чогулткан кадыр-баркына айрым бир роль менен көлөкө түшүрүп алуудан тайсалдабайт. Кайсы бир тасмада алдамчы, дагы бир тасмада адилеттикти туу туткан кабарчы, кезектеги долбоорун карап отурсаң, ал жерде эркектердин башын айлантып жүргөн аял. Сон Йе Жинге айрым долбоорлору баш айланткан атактуулук алып келгенине карабай, ал ролго байланып калганы деле билинбейт. Анын ар бир ролу ээсинин чын дилинен берилип ойногону үчүнбү экрандан тышкары, жашоодо да Сон Йе Жин ушундай каарман болушу керек деген ойлорго түртөт.

"Апрель айындагы кар" (2005-жыл) тасмасында Сон Йе Жин
корей актёру Бэ Йоң Жун менен чогуу аткарган.

"Жеке тандоом" (2010-жыл) сериалында Ли Мин Хо менен.

"Акыркы ханбийке" (2016-жыл) биографиялык тасмасында
акыркы корей императорунун
кызы Токхенин кейиштүү тагдыры чагылдырылат.

Актрисанын акыркы хит иштеринин бири. "Мага тамак алып берчү эже"
(2018) сериалы Сон Йе Жинди кайрадан мактоолорго бөлөдү.

"Сен менен болуу" (2018-жыл) тасмасынан.

Сүрөттөрдөн байкалгандай, Сон Йе Жин үчүн сааттын жебеси жылбай тургандай сезилет. Мекенинде атактуу бетине бычак тийгизбегени менен таанымал. Ал эми жаш көрүнүүнүн сыры катары атактуу бууга кармалган сүлгү менен бетин бир мүнөттөй жаап, кийин гана жүзүн суу менен жууп, андан ары массаж кыларын айтып келет.

Өмүр баянынын дагы бир маанилүү бөлүгү - бул анын жеке жашоосу. Сон Йе Жин 20 жылдык карьерасына карабай, бир да жолу элге кимдир-бирөө менен кыз-жигит мамилеси бар экендигин жарыялай электигинде. Албетте, анын ролдоруна байланыштуу түрдүү ушактар көп. Бирок анын бирин да ушул күнгө чейин актриса бышыктаган эмес. Ушундан уламбы, анын ар бир долбоору күйөрмандары тарабынан кызуу талкууга алынып, баш каарманды жараткан актёрго турмушка чыгуусун тилеген да учурлар көп болуп турат.

Учурда ошонун бири кайталанууда. Сон Йе Жинди күйөрмандары сыртынан эле "Махабаттын авариялык конуусу" сериалында чогуу ойноп жаткан Хён Бинге кудалап коюшкан. Эки атактуу тең эч кандай мамилеси жоктугун айтып келишет. Айтмакчы, бул сериал алардын чогуу иштешип жаткан үчүнчү долбоору. Балким ушул жагдай да түрдүү жоромолдорго жем таштап жаткан чыгар...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.01.2020. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун. Сулуулук бар
12.01.2020. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сулуу татынакай кыз, бирок бары бир менин Сон Хе Геме жетпейт. !!!
12.01.2020. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Операцияга бабкиси көп болсо тырыш баспайт да.
12.01.2020. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бууга кармалган сүлгү кандай?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: