super.kg logo

Трамп кийинки президенттик шайлоодо жеңилиши үчүн Блумберг миллиард доллар коротконго даяр экенин билдирди

 

Демократиялык партиясынан АКШнын президенттигине талапкер катары көрсөтүлгөн миллиардер Майкл Блумберг шайлоо жарышына миллиард доллар коротконго даяр экенин айтты. Бул тууралуу ал чет элдик басылмага маек берип жатып билдирди.

Блумберг өзү Демократиялык партиядан талапкер болбой калса да өзүнүн каражатынан миллиард доллар бөлгөнгө даяр экенин белгиледи. Мындай учурда ал праймериз жолу менен тандалган демократ атаандашын колдоо үчүн каражат бере турганын айтты.

Ал буга чейин Дональд Трампты жеңүү жана Американы кайрадан куруу үчүн президенттикке бара турганын жарыялаган.

77 жашка чыккан ишкер Майкл Блумберг дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарына кирет жана анын байлыгы 58 миллиард доллардын тегерегин чапчыйт. Bloomberg маалымат агенттигинин негиздөөчүсү жана кожоюну. Жакыр үй-бүлөлөрдөн чыккан зээндүү балдардын окуусуна стипендия берүү сыяктуу кайрымдуулук иштери менен белгилүү. Ал 2003-2013-жылга чейин Нью-Йорктун мэри болуп турган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
13.01.2020. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоо 58 миллиард доллар ни чего себе
13.01.2020. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бут еле байлар Америкада окшойт
13.01.2020. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
М.Блумберг болсо болсун президент! Д.Трамп.болсо Р.Киоясаки менен жаны ийгиликке жеткенди уйротуучу китептерди жаза беришсин.
13.01.2020. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2019-жылга карата декларациянын жыйынтыгында Трамп секундасына 14 доллардан акча иштеп турган. Блумбергге Трампты женуу онойлука турбайт.
14.01.2020. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arnal78,жылына 7 млндон эле иштеп калатко анда трамп аз айтып койдун тууганым
14.01.2020. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tihonkg,Тууганым Трамп секундасына 14 доллардан таап турганда минутасына 840,саатына 50400,суткасына 1,209,600 доллар табат.Эми бир жылда канча сутка бар экенин билсен керек.Кобойт эми бир суткалык кирешени бир жылга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: