Тарых музейи боюнча соттук отурум 21-январга жылдырылды
Бүгүн, 14-январда Биринчи Май райондук сотунда Кыргыз улуттук искусство музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданды реконструкциялоо боюнча соттук отурум уланды.
Бүгүнкү соттук отурумга күбөлөрдүн келбей калгандыгына байланыштуу кийинки отурум 21-январь күнү саат 14:00гө жылдырылды.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Тарых музейин оӊдоодо 101 миллион 600 миң сом, ат майданды оӊдоодо 145 миллион 900 миң сом зыян келтирилгени аныкталган. Бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 аткаминерге айып тагылган. Алар:
- Премьер-министр Сапар Исаков;
- Президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат боюнча мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаева;
- Мамлекеттик курулуштун башчысынын мурдагы орун басары Алмазбек Абдыкаров;
- Турак жай жарандык курулуш департаментинин мурдагы башчысы Шайбек Атамбеков;
- Шайбек Атамбековдун орун басары Улукбек Матисаков;
- "СМУ-3" курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айдарбек Мендеев.
Сапар Исаков өз билдирүүсүндө Чолпон-Атадагы ат майданынын курулушун жана Тарых музейин реконструкциялоодо күнөөсү жок экенин айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Сооронбайдын чонтогунон издегиле.