Юстиция министрлигинин кызматкери пара менен кармалды
Юстиция министрлигинин Талас шаардык жана Талас району боюнча пробация органынын башкы адиси пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кызматкер өзүнүн кызматтык абалын пайдаланып, соттолуп, эркиндигинен ажыратылган адамдарга анча оор эмес кылмыш үчүн пробациялык билдирүүлөрдү даярдоодо туруктуу негизде акчалай сый акы алып турган. Кызматкер 2020-жылдын 18-январында ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө соттолгон М.З. аттуу жаранга карата пробациялык билдирүү даярдап, талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан учурунда кармалган. Кармалган Н.К. аттуу кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
2

Сооронбай эч кандай коорупция менен курошкон жок. Коррупцияны эн биринчи Сооронбай Жээнбековтон башташ керек болчу. Сооронбойдын эки жуздуу ишин эч ким коррупция менен курошту деп айтпайт. Сооронбайдын эки жуздуу саясатында акыйкат болбой, эл арасында ыр-чыр күчөп, жашообуз артка кетип атканы жашыруун эмес.