super.kg logo

Кытайда жугуштуу вирустун кесепетинен Жаңы жылга карата белгиленген иш-чаралар токтотулду

 

Бүгүн, 25-январда Кытай өлкөсү Жаңы жыл майрамын тосушат. Бирок жугуштуу вирустун кесепетинен майрамга карата белгиленген иш-чаралар токтотулду. Жалпы жугуштуу дарттын кесепетинен жабыркагандар миңден ашып, көз жумгандардын саны 41 кишиге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кытайдын саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитети залалдуу вирус Хубэй провинциясында башталып, анда 15 киши каза болгонун маалымдаган. Буга чейин аталган вирустуу дарттын айынан көз жумгандардын эң жашы 48 жаш болсо, эң улуусу 89 жаш экени айтылган болчу.

"Жугуштуу вирустун кесепетинен Кытайда адам өмүрү кыйылып жатат жана бул залалдуу вирустун учкундары Таиланд, Вьетнам, Сингапур, Япония, Түштүк Корея, Тайвань, Непаль, Франция жана АКШ өлкөлөрүндө байкалууда", - деп жазышууда чет өлкөлүк басылмалар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.01.2020. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
озу тундук корея же туркменистанга окшоп закрытая страна болуш керек окшойт ошондо мындай балекеттерден алыс болобузбу деген ой азыр кытайдын соода мамилеси жакшы олколордо катталыптыр коркунуч Кыргызстаныбызга ото чон болуп турат урматту мамлекет башчылар элдин тагдырын ойлогула жана Кытай чек арасын жапкыла
25.01.2020. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматуу президент чегараны жабын
25.01.2020. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ruslan-Gaparov,чынында Сооранбай Шарипович жакшы иштей албай жатат эч озгоруу жок 25 адамдан Кыргызстандын карызын чыгарып алам деди эле мына президент болгонуна 3 жыл болду Кыргызстандын карызына бир сом дагы толоно элек азыр жашоо "Черныйлардын" жашоосу болуп калды мисалы жеке ишкер жумуш ачам десе мамлекет биринчи орунда бут тосот андан кийин "черныйлар" байкуш элим биздин жемекей чиновниктерден бул Вирусту олкобузго киргизбоо аракеттери нолго барабар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: