Бишкекте айдоочу жөө адамдарды сүзүп, 2 киши жаракат алды
Бишкекте айдоочу жөө адамдарды сүзүп, 2 киши жаракат алды. Маалыматты патрулдук милициянын басма сөз катчысы билдирет.
Кырсык бүгүн, 27-январда саат 18:30 чамасында Көлбаев көчөсү менен Чкалов көчөсүнүн кесилишинде орун алды.
"Рав 4 унаасынын айдоочусу адамдар өтүүчү тилкеден жөө кишилерди сүзүп кетти. Анын кесепетинен 2 адам жаракат алып, Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди.
Унааны 1968-жылы туулган К.Ч. башкарып бара жаткан. Кошумча маалымат берилет", - деди маалымат кызматынын өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.