Жүргүнчү ташыган маршруттук унаалардын катышуусундагы жол кырсыгынан 14 жаштагы өспүрүм жаракат алды

"Маршруттук унаалар Чүй кең көчөсү менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинен сүзүшкөн. Айдоочулар окуя болгон жерден белгисиз тарапка кетишкен.
Кырсыктын кесепетинен унаалардын биринин 2005-жылы туулган А.Ж. аттуу жүргүнчүсү жаракат алып, №3 балдар ооруканасына кайрылган.
Бүгүн, 27-январда милиция кызматкерлери тарабынан №138 маршруттук таксинин айдоочусу 1998-жылы туулган Б.М. жана №212 маршруттук таксинин айдоочусу 1970-жылы туулган Г.А. кармалды", - деп билдирет басма сөз катчысы.
Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.