super.kg logo
  Саясат  

Ташиев, Жапаров жана Мамытов депутаттык мандаттарынан ажыратылды

 

Борбордук шайлоо комиссиясы “ата журтчу” депутаттар Садыр Жапаровду, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиевди депутаттык мандатынан ажыратты. Тиешелүү чечимди БШКнын 10 мүчөсү колдоп, 1 мүчөсү каршы добуш берди. “Конституцияга ылайык, соттолгон адамдар депутат боло албайт”,- деди БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов.

   

Эске сала кетсек, Жогорку Сот 6-августта "ата журтчу" депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго карата козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгарган. Судья Жакып Абдрахмановдун төрагалыгынын астындагы соттук курам Бишкек шаардык сотунун депутаттарды актаган чечимин толугу менен жокко чыгарып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, Кылмыш-жаза кодексинин 30 жана 295-беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Аларга райондук сот чыгарган 1 жыл 6 айлык жаза өтөө мөөнөтү кыскартылып, 1 жыл 5 ай деп белгилеген. Ал эми Талант Мамытовдун 1 жылдык жаза өтөө мөөнөтү өзгөртүүсүз калган.


кошулду





"Ата журтчу" 3 депутат мандаттарынан ажыратылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: