Түркияга бир тууган эжесинин паспорту менен учууга аракет кылган жаран кармалды
"Манас" эл аралык аэропортунда Түркияга бир тууган эжесинин паспорту менен учууга аракет жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы билдирди.
"Бүгүн, 28-январда чек ара кызматкерлери Бишкек-Стамбул багыттындагы рейстин жүргүнчүсү 1997-жылы туулган А.Б. кызы аттуу жаранды кармашты. Ал чек арадан бир тууган эжесинин паспорту менен өтүүгө аракет кылган", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.
Тийиштүү документтер топтолгондон кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Кыргызстанда жумуш жок болсо з/п аз, ал акчага озундун жанынды дагы бага албайсын.