super.kg logo

Түндө Александровка айылынын тургунун жөө өтмөктөн жеңил унаа сүзүп кетти. Айдоочу мас абалда болгон

 

Чүйдүн Александровка айылында жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жаранды белгисиз унаа коюп кеткен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 28-январь күнү саат 21:40 чамасында болгон.

"Чалдыбар-Бишкек жолунда белгисиз унаа чыгыштан батышка карай бара жатып, Александровка айылынын 1988-жылы туулган тургунун жөө өтмөктөн сүзүп кеткен. Натыйжада жабырлануучу алган жаракаттарынан улам каза болгон. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден из жашырган. Бул окуя боюнча саат 22:15 чамасында "перехват" планы жарыяланып, айдоочуну издөө иштери башталган.

Жол кыймылынын кызматкерлери айдоочуну көп өтпөй изи сууй электе Беловодск айылындагы үйүнөн тапкан. Ал 1991-жылы туулган жаран болгон. Маркумду Volkswagen Passat унаасы менен сүзгөн. Ошондой эле айдоочуга медициналык текшерүү жүргүзгөндө ал мас абалда болгону аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, ал эми айдоочу тергөө бөлүмүнө тапшырылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.01.2020. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чындыгында дунгандар аябай без предел айдайт машинаны именно Александровкадан аябай коркосун чон жолдон машина менен келе жатсан бир кычыктан машинасы менен чыга калат жол бериш жок дунгандар копчулугу акчага сатып алат менимче же тпойлорбу билбейсин
29.01.2020. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
murat17, каза болгон бала дунган... а рульда Беловодскилик орус бала экен...видеосун кордук дунган бала жолдон отойун деп 2 машинаны откоруп анан чуркап нары башына жетейин деп калганда Катуу скорость менен келип каккан. Бечара бала учуп кетти.. берки водитель токтоп же тормоз басып да койгон док ошондой катук ылдамдфкта эле дальше качты.
29.01.2020. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pchelka85,жок бул окуяны тушундум мен дунгандар дагы ото без предел айтайт ошону айттым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: