super.kg logo

Кадамжай районунда бычактан жаракат алган 26 жаштагы баланын агасы окуя тууралуу айтып берди

 

Баткен облусунун Кадамжай районунда бычактан жаракат алып, ооруканага түшкөн 26 жаштагы баланын бир тууган агасы Өзгөрүш Молдоалиев SUPER.KG порталына кайрылды. Анын айтымында, инисинин окуясында милиция кызматкерлеринин реакциясы начар болуп жатканын айтат.

"Бир апта өтүп калды, иним бычактан жаракат алып ооруканада жатканына. Иним бул окуяга кошуна айылда өткөн тойго барганда кабылды. Алар кафенин алдында достору менен тамашалашып жатканбыз дейт. Бир убакта кафенин ээсинин баласы келип, "бул жерде эмне тамашалашасыңар" деп иниме бычак сайган. Бычак колунун күрө тамырларын кесип кеткен. Биз милицияга кайрылсак, шектүү баланы эки күн мурун кармашты. Ага чейин кабар алып коюшкан жок. Атам прокуратурага барганда гана кыймылдай башташты. Эми биз мындан аркы тергөө иши акыйкат болсун деген максатта силерге кайрылып жатабыз. Иним азыр ооруканада. Бир аз тамак ичип калды", - деди Молдоалиев.

Окуя 20-январь күнү саат 22:30 чамасында болгон. Анда Кадамжай районунун тургуну 26 жаштагы М.К. пикир келишпестиктен улам он колунун билеги бычактан жаракат алган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "бейбаштык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүү катары А.А. аттуу жаран кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө. Ал эми жабырлануучу ооруканада деп билдиришкен милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.01.2020. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип эле достору менен тамашалашып турса эле эмне бул жерде тамашалашасын деп эле сразу бычак сайсын жалганды дагы биртке окшоштурсанар жожо короз болуп урушуптур анан алы жетпеген шакал бычак сайыптыр деп
29.01.2020. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чакырылбаган коноко емне барекен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: