super.kg logo

АКШда 10 жылдан бери башы ооруп жүргөн адамдын мээсинен курт алынды

 

АКШнын Техас штатынын жашоочусунун мээсинен курт алынганын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Ага ылайык, жерлиги мексикалык болгон Жерардо аттуу адам 10 жылдан бери баш оору менен жабыркап келген. Дарыгерлерге көрүнгөнү менен баш оорусунун себеби аныкталган эмес, бул убакыт ичинде ал баш ооруну басаңдатуучу дары-дармектерди ичип жүргөн. Оору убактылуу басылганы менен кайра кайталана берген.

Кийин АКШда жашап жүрүп, футбол аянтчасында эсин жоготуп жыгылган. Ооруканага жеткирилгенден кийин дарыгерлер анын мээсинде бир зат бар экенин аныкташкан. МРТ жасашканда белгисиз зат курт экендиги белгилүү болгон. Дарыгерлер ага оор операция жасашып, мээсинен 4 сантиметр узундуктагы куртту алып чыгышкан.

"Операциядан кийин Жерардонун абалы жакшы болуп, баш оорусу кайталанбай калган. Буга чейин жумушунан да аксап келген болсо, эми жакшы иштей баштаганын айткан. Ал эми анын мээсиндеги курт Мексикадан жеген чочконун этинен улам пайда болгон деген божомолду айтышкан. Айтымында, эт чала куурулган болушу мүмкүн. Анын бир тууган эжесинин мээсинен да бир канча жыл мурун курт алынган. Экөө ал этти чогуу жешкенин айтышкан. Дарыгерлердин айтымында, курттун мээге өтүп кетиши чанда кездешчү жагдай. Курт организмге киргенден кийин чоңураак көлөмгө жетмейинче оору көп билинбейт, ал чоңоюп кетсе ден соолукка оор залал келтирерин айтышкан", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
29.01.2020. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ошол учун мусульман болуп торолгонумо мин мертебе Аллага шугур кытай кыбырагандын баарын жеп азабын жеп жатат чочкодо чел кабык болбойт ошол учунда арам болуп саналат денесине корунгон вирусту жуктуруп алат
29.01.2020. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тообо кылдым ошого баардык нерсени бышырып жакшылап кайнатып, кууруп жегиле, Арам нерсенин арты ушундай жаман болот.
29.01.2020. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин да башым ооруйт башымды көтөрүп туралбай калам жарылып кетчүдөй ооруйт көздөн жаш өзү эле куйулат жан кыйналганда
29.01.2020. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nursul,
Менде да ушул көрүнүш барбаган жерим калбады окшойт
29.01.2020. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nursul, Май айынын 20 сынан Июньдун аягына чейин тоолуу аймакта багылган бээнин саамал сутунон бир жума ичсениз. Кунуго танга маал ачкаарын ичуу керек. Менде дагы ушул баш оору кыйнап келген бээнин суту аябай жакшы.
31.01.2020. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nursul,Башынызга МРТ жасатыныз,созсуз! Кечиресиз,шишик болушу мумкун...неси болсо да причинасын табыш керек,создуктуруп журо бербей текшерилиниз.Ден-соолуу сизге.
30.01.2020. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат мен өзүм да айылдамын Кудай буйруса май айы келгенде ичем рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: