super.kg logo

Ош шаарында мурда 16 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган жаран кайрадан кармалды

 

Ош шаарында мурда 16 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган жаран кайрадан кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 12-октябрында Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну 23 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Арызда 2019-жылдын 10-октябрь күнү Ош шаарынын Нурматов көчөсүндө жайгашкан кафеде эс алып жаткан учурда белгисиз жаран эч бир себепсиз аны уруп, бетине бир нече жолу тээп денесине жарат келтирип, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, шектүүгө издөө жарыяланган. Жабырлануучуга тиешелүү экспертиза дайындалган. Тергөөнүн жүрүшүндө белгисиз адам Аманкелди аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын тизмесинде турган жаран экендиги аныкталган. Ал Өзгөн районунда каттоодо турганы менен Ош шаарында жашап жүргөн. Көрүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, 28-январь күнү 1997-жылы туулган шектүү А.А. кармалды. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери аткарылууда.

Шектүү А.А. мурда жасаган кылмышы үчүн Ош шаарында жайгашкан жазаны аткаруу кызматынын жатак абактарынын биринде жазасын өтөп жатып, өз убагында каттоодон өтпөй, бул кызмат тарабынан дагы издөөдө жүргөндүгү аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.01.2020. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи экинчи кылмыш иштеринде жакшы тарбия бербегенсинерда ИИМ ошого кайра кайра кылмышка барууда Акча эн чон роль ойноп койотда бизде эхх
29.01.2020. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
16 жолу кылмыш менен бул кандайча үй камагында жүрөт!муну эбак эле жок кылыш керек болчу кыз балага кол көтөргөн айбанды!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: