super.kg logo

Жунгли токоюнда адашып 1 айдан ашык жүргөн эне-балдар табылды

 

Перу аймагындагы жунгли чытырман токоюнан 34 күн дегенде 3 баласы менен адашып кеткен аялды табышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар "The Independent" басылмасына таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 40 жаштагы аял 10, 12, 14 жаштагы балдары менен Перудан алыс болгон аймакка балдардын атасы менен жолугууга жол тарткан. Алар Путумайо дарыясына жакын жунгли токою аркылуу өтмөкчү болуп, адашып кетишкен. Эне менен балдардын жоголгондугу тууралуу маалымат 19-декабрда чыккан. Алар бир ай бою жол жүрүп, Эквадордун чек арасынан өтүп, Перунун аймагына келип калышкан. Курсактары ачып айла жок калганда жапайы мөмө-жемиштерди, ар кандай үрөндөрдү жеп жүрүшкөн. Алсырап, жүдөгөн апасы менен балдарын 34 күндөн кийин секоя элинин индейлери табышкан. "Суу жок болуп калганда жарым саат сайын алсыз болуп кулап жаттык. Кыздарымдын басканга алы келбей шалдырап, аларга карап токтоп жатып жолубузду уладык", - дейт жоголгон аял. Индейлер жоголгондор тууралуу Перунун аскер кызматына кабар берип, куткаруучулар колумбиялык Пуэрто-Легисамо шаарына жеткиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
29.01.2020. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Адашкандын айыбы жок кайтып
30.01.2020. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Жунглиде бок барвы дейм да азыр дуйнону кырсык, корона вирус каптап жатканда. Эне болгондон кийин балдарды уйдо алып олтуруш керек карап. Тем более жолду билбегенден кийин. Атасы келбейби ушундан коро. Азыр Кудааай деп, уйдо олтуруп тобо кыла турган заман болуп калды.
30.01.2020. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Eliza-Arapbaeva,на самом деле эмне болгонун билбей туруп жазбаныз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: