super.kg logo

Окуу жайда иштеген сантехникти карактап кетишкен. Шектүүлөрдүн бири колго түштү

 

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде иштеген сантехникти карактаган жаран кармалды. Октябрь РИИБинин маалымат катчысы шектүү делингендердин бири Чүй облусунун аймагынан табылганын билдирет.

"22-январда окуу жайлардын биринде иштеген М.Д. арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган. Анда медициналык бет кап кийген белгисиз жарандар күч колдонуу менен окуу жайдын ичине киргени айтылган. Белгисиз жарандар жабырлануучунун колу, бутун байлап, чөнтөгүндөгү 7 миң сомун жана Самсунг А50 үлгүсүндөгү телефонун алып качып кетишкен.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (карактоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири 1997-жылы туулган О.А. Чүй облусунун аймагынан кармалды. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Ошондой эле криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар делинген шектүүлөрдүн аты-жөнү такталды. Алар 1992-жылы туулган Д.Б., 1995-жылы туулган А.Б. жана 1997-жылы туулган Ч.У.

Учурда аларды издөө иштери улантылып жатканын кошумчалайт мекеменин маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: