Бишкекте 82 жаштагы жаранды бычактады деп небереси кармалды

"28-январда болжол менен саат 13:40 чамасында Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө чалуу келип түшкөн. Анда Аламүдүн-1 кичи районундагы үйлөрдүн бирине чыкыруу болгон. Аталган дарекке укук коргоо кызматкерлери барганда, 1937-жылы туулган К.Ю. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Анын денесин кароо учурунда бычактан жаракат алганы аныкталган.
Кылмыштын изи сууй электе милициянын кызматкерлери шектүү делинген жаранды колго түшүрүштү. Кармалган жаран маркумдун 1985-жылы туулган К.Р. аттуу небереси экени аныкталды. Тергөө амалдары улантылып жатат.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", - деп билдиришет мекеменин маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.