super.kg logo

Орусияда кофе уурдаган кардардын өлүмүнө шектелген Кыргыз жараны 2 айга эркинен ажыратылды

 

Орусияда эмгектенген кыргыз мигранты 39 жаштагы жарандын өлүмүнө айыпталып жатканы маалымдалган. Бул боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги бүгүн, 31-январда билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык, киши өлтүрүүгө шектелип кармалган 1994-жылы туулган Н. уулу М. аттуу Кыргыз жаранынын соттук отуруму 30-январда болду. Анда айыпталуучуга жактоочу жана котормочу жалданды.

"Сотко элчиликтин өкүлдөрү катышты. Соттун чечимине ылайык, Н. уулу М. 2 айга эркинен ажыратылды", - деп билдирет басма сөз катчысы.

Окуя 20-январда Симферополь бульварындагы супермаркеттердин биринде орун алган. Анда дүкөнгө кирген кардар бир нече мүнөт бою текчелердин айланасында жүрүп, соода кылбай эле чыгып кеткен. Дүкөндүн кассасында иштеген жаран (Кыргыз жараны) кардар күрмөсүнүн чөнтөгүнө бир банка кофени катып алганын айтып, видеобайкоодогу жазууну чогуу көрмөкчү болгон. Камерага жазылган видеону карап чыкканда, ырасында эле кардар кофени уурдап алганы аныкталган. Мындан улам алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, Кыргыз жараны кардардын ич жагына урган. Уурулук кылганга шектелген жаран алган жаракатынан улам бир нече сааттан кийин каза болгондугу маалымдалган.

Бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө амалдары улантылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
31.01.2020. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куруу дооматтан сактасын баарыбызды Аллахым!
31.01.2020. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эркинен ажыратылды дейт, тергөө иштери бүткөнчө камакка алынды болуш керек, тергөө бүтүп соттук териштирүү бүткөндөн кийин анан күнөөсү аныкталса сот эркинен ажыратат
01.02.2020. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurgazy80,Ал жак РФ!
31.01.2020. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Россияда соттор биздин сотторго караганда адилеттуу жана гумандуу
31.01.2020. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оо кудай. Экспертизасы өзүнүн бир жери ооруп өлгөн деп чыга көр.
31.01.2020. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2 айга да эркинен ажыратабы?
01.02.2020. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bond02, менимче тергоо иши сонуна чыкканга чейин, убактылуу 2 айга эркинен ажыратылса керек. Бирок ушул 2 ай менен жазасын отоп бутсо жакшы болот эле мекендешибизге женил болуп.
01.02.2020. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен жазмакчы болгон жак талкуу жабык экен.монополияга каршы бааларды жонго салуу агенттигинин кыргызстан учун бир тыйынча пвйдасы жок орган.аны жоюп эле салыш керек бекер айлык толобой.эгер бир нерсенин баасы которулсо биздин текшергенге акыбыз жок дешет.текшергенге акынар жок болсо эмне отурасынар былтыйып бекер айлыкты алып .жоюп эле салуу керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: