super.kg logo

Бишкекте бычакталган жарандын жансыз денеси табылды. Кылмышка шектүүлөр соттун чечими менен СИЗО-1ге киргизилди

 

Бишкекте бычактан алган жаракатынан улам каза болгон жарандын жансыз денеси табылып, кылмышка шектүүлөр колго түшүрүлдү. Маалыматты Ленин РИИБинин басма сөз катчысы билдирет.

Ага ылайык, 26-январда саат 10:00 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө борбор калаадагы Трудовой көчөсүндөгү үйлөрдүн жанынан жансыз дене табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, кебетеси азиялык болгон жарандын киши колдуу каза болгонун аныкташкан. Маркумдун денесин кароо учурунда көкүрөгүндө жана моюн тушунда бычактын издери бар экени анык болгон.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө маркум 1967-жылы туулган Ж.Т. (2-топтогу дүлөй) экени аныкталды. Ал эми кылмыш ишине шектүү делинип 1968-жылы туулган К.А. жана 1971-жылы туулган Ш.Б. кармалды. Кармалгандар дагы дүлөй экени маалым болду.

Кылмышка шектүүлөрдү Ленин райондук соту 2 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарды", - деп жазылат маалыматта.

Учурда бул кылмыш ишин мындан ары иликтөө иштери улантылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: