super.kg logo

Бишкекте түнкү клубда мушташ чыгып, белгисиз жарандар күзөтчүнү бычак менен коркутуп качып кетишкен

 

31-январь күнү Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринде балдар арасында мушташ орун алды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.

"31-январь күнү түнкү саат 02:00 чамасында Кулатов көчөсүндө жайгашкан түнкү клубда мушташ болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Милициянын кайгуул кызматы аталган дарекке барганда 1992-жылы туулган У.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жарандар клубда мушташ чыгарып, күзөт кызматы урушту токтотуу үчүн барганда тааныштарын чакырып, чоң уруш башталып, клубдун терезеси сынган. Арасынан бирөөсү бычак менен коркутуп, окуя болгон жерден из жашырып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Ыкчам издөөнүн натыйжасында 1994-жылы төрөлгөн К.Э., 1994-жылы төрөлгөн Н.Э., 1995-жылы төрөлгөн С.А. жана 1997-жылы төрөлгөн С.И. кылмышка шектүү катары кармалышкан. Кармоо учурунда шектүүлөр такси айдоочусуна да бычак такаганы белгилүү болгон. Автоунаадан кылмышка шектүү жарандардын эки бычагы табылган.

Аталган факты Октябрь РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 266-берене (бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: