super.kg logo

Америкада противогаз менен бортко кирген жаранды учактан түшүрүп салышты

 

Америкалык учакка бир жүргүнчү противогаз (газдан коргонуучу шлем) кийип кирип, аны чечпей койгондугу үчүн учактан түшүрүлгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жүргүнчү Далластан Хьюстон багытындагы учакка отурган. Борттогу жүргүнчүлөр бети-башы көрүнбөгөн шлем кийген адамга арызданышканда борт коштоочулар андан газдан коргонуучу шлемди чечүүнү суранышкан. Жүргүнчү баш тарткан, ошонун кесепетинен рейс бир саатка кармалып, акыры аны учактан түшүрүүгө мажбур болушкан.

"Карасам эле бир бала газдан коргонуучу шлем менен келе жатыптыр. Анын жүзү да, кандай адам экендиги да көрүнгөн жок. Жүргүнчүлөр ал бортко бир нерсе алып келип, өзү коргонуу үчүн шлемди кийип алган болушу мүмкүн деп кооптоно баштады. Мен башында коронавируска байланыштуу кийип алган го деп ойлогом. Бирок шлеминде фильтр да жок болчу. Андыктан мындай вариант туура келген жок", - деген окуяга күбө болгон жүргүнчүлөрдүн бири Жозеф Сэй.

Элде кооптонуу жараткан жүргүнчүгө газдан коргонуучу шлемин чечкенде гана кийинки рейс менен учууга уруксат беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: